Загрузка документа…
C. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 14 сессиясы
2020-жылдын 29-июну № 14-10
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 20.03.2020-жылдагы 6-чакырык 9-сессиясынын “Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №76-үйүнүн тургуну Нурматова Гулсарахондын арызын кароо жөнүндө” №9-8 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр киритүү жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 20.03.2020-жылдагы 6-чакырык 9-сессиясынын “Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №76-үйүнүн тургуну Нурматова Гулсарахондын өзү жашап жаткан жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн ичинен 33,20 м2 жер участогун курулуштук багытын аптеканын жана соода түйүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилген сурап жазган арызын кароо жөнүндө” №9-8 сандуу токтомуна өзгөртүү киритүү боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1.Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №76-үйүнүн тургуну Нурматова Гулсарахондын өзү жашап жаткан жалпы аянты 1000 м2 жеке менчик турак үйүнүн ичинен 46,17 м2 жер участогун жери айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен аптеканын жана соода түйүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |