Загрузка документа…
C. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 15 сессиясы
2020-жылдын 20-октябры № 15-4
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Закиров Рахматилло Мамасултоновичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Закиров Рахматилло Мамасултоновичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсү №355/2 сандуу үй дареги боюнча жайгашкан жлпы аянты 500,0 м2 көмөкчү чарбанын жер тилкесин, курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө(перепрофилирования) макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Закиров Рахматилло Мамасултоновичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсү№355/2 сандуу үй дареги боюнча жайгашкан жлпы аянты 500,0 м2 көмөкчү чарбанын жер тилкеси айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |