Загрузка документа…
C. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 15 сессиясы
2020-жылдын 20-октябры № 15-5
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Суткор айылында күнөскана (теплица) куруу үчүн мамлекеттик фонд жеринен жер ажыратуу жөнүндө жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Суткор айылы чек ара зонасында жайгашкандыгына байланыштуу, чек ара зоналарда жашоочу элдердин турмуш даражасын көтөрүү максатында “КОЙКА” долбоору тарабынан каржыланып жаткан мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон айыл чарба багытындагы №61-контурдагы жерлердин ичинен 0,30 га сугат айдоо жерге күнөскана куруу маселеси карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодекси»нин 13 беренесин негизинде жана айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Суткор айылындагы мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон айыл чарба багытындагы №61-контурдагы жерлердин ичинен 0,30 га сугат айдоо жерге күнөскана (теплица) курууга макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик ишкана-мекемелерден күнөскана куруу үчүн ажыратылган жерге жана курулуш иштери үчүн зарыл болгон юридикалык иш кагаздарды даярдоо С.Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |