Загрузка документа…
C. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 15 сессиясы
2020-жылдын 20-октябры № 15-6
Араван айылынын Куранбой Ата көчөсүнүн тургуну Жумабаев Боходиржон Уринбоевичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Куранбой Ата көчөсүнүн тургуну Жумабаев Боходиржон Уринбоевичтин Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 705,0 м2 диспетчердик канааны, техникалык яманын жана унаа тетиктери кампасынын жер тилкесин ичинен 355,0 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өсүмдүк май чыгаруучу кичи цех жана соода дүкөнүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.01.2020-жылдагы “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгөуруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөжобону бекитүүтууралуу” №12-токтомунун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Куранбой Ата көчөсүнүн тургуну Жумабаев Боходиржон Уринбоевичтин Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 705,0 м2 диспетчердик канааны, техникалык яманын жана унаа тетиктери кампасынын жер тилкесин ичинен 355,0 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өсүмдүк май чыгаруучу кичи цех жана соода дүкөнүнүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Жумабаев Боходиржон Уринбоевичтин 705,0 м2 диспетчердик канааны, техникалык яманын жана унаа тетиктери кампасынын жер тилкесин ичинен 355,0 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өсүмдүк май чыгаруучу кичи цех 0жана соода дүкөнүнүн жер аянты багытына өзгөртүүмаселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгөсалуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтүтарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүүжагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөалуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |