Загрузка документа…
C. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 15 сессиясы
2020-жылдын 20-октябры № 15-9
Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Кадиров Номанжон Иброхимовичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Кадиров Номанжон Иброхимовичтин Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 241,0 м2 кампа багытындагы жер тилкесин курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.01.2020-жылдагы “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №12-токтомунун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1.Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Кадиров Номанжон Иброхимовичтин Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 241,0 м2 кампа багытындагы жер тилкесин курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө (перепрофилирования) макулдук берилсин.
2. Кадиров Номанжон Иброхимовичтин 241,0 м2 кампа багытындагы жер тилкесин курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |