Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигинин
2024-жылдын “27” августундагы № 04
буйругу менен бекилсин
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
жылдык иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу боюнча
УСУЛДУК КОЛДОНМО
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жылдык иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу боюнча ушул усулдук колдонмо (мындан ары – Колдонмо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу чөйрөсүндө белгиленген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ведомстволук, тармактык, региондук жана башка иш-чаралардын пландарын иштеп чыгууда жана аларды андан ары ишке ашырууда практикалык жардам көрсөтүүгө арналган.
2. Ушул Колдонмо стратегиялык документтердин ар кандай деңгээлдеги жылдык иш-чаралар пландарын иштеп чыгуунун бирдей стандарттык талаптарына жана тартибине жетишүүгө жана төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттардын жана көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) негизинде иш-чаралардын жылдык пландарын (мындан ары – Иш-чаралар планы) түзүү, бул чөйрөдө кабыл алынуучу стратегиялык документтердин жоболорун эске алуу менен аларга жетишүү;
2) аларды ишке ашыруунун ченелүүчү натыйжаларын аныктоо (акыркы жана аралыктык жыйынтыктар);
3) жүргүзүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна жана эффективдүүлүгүнө үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүү, ошондой эле иш-чаралар планынын пункттары натыйжасыз ишке ашырылган учурда кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо.
3. Колдонмодо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) иш-чаралар планы – ведомстволук, тармактык, региондук жана башка деңгээлдерде иштеп чыгууда максаттарды, милдеттерди, көрсөткүчтөргө жана индикаторлорго жетишүү боюнча конкреттүү иш-аракеттерди (иштерди же иш-чараларды), алардын натыйжаларына талаптарды, бул иш-аракеттерди аяктоо мөөнөттөрүн жана аткаруучуларды аныктоочу өз ара байланышкан иш-чаралардын системасын көрсөткөн документ;
2) максат - процесс атайылап багытталган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин так акыркы багыты;
3) милдет – бул максатка жетүү жолундагы иш-аракеттердин багыты;
4) чара – тапшырманы ишке ашыруу үчүн аракеттердин жана каражаттардын жыйындысы.
5) күтүлүүчү натыйжа – пландаштырылган өзгөрүүлөрдүн сыпаттамасы, аларды ишке ашыруу иш-чаранын аткарылышын баалоого жана анын максатка жетүүдөгү салымын баалоого мүмкүндүк берет;
6) көрсөткүчтөр жана индикаторлор – максаттарга жетүү жана тапшырмаларды аткаруу деңгээлин же процесстин оптималдуулугун өлчөөгө жардам берген иш-аракеттердин сандык көрсөткүчтөрү, атап айтканда: жыйынтык жана натыйжалуулук;
7) иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо – планды аткаруунун катышуучуларынын иш-аракеттери, комплекстүү баалоо, натыйжалуулуктун, жетишүүнүн жана жыйынтыктын деңгээлин аныктоо үчүн коюлган максаттарга, милдеттерге ылайык аны ишке ашыруунун жыйынтыктары.
4. Ушул Колдонмо мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдары тарабынан иштелип чыккан пландарга жайылтылбайт.
2-бөлүм. Иш-чаралар планын иштеп чыгуу этаптары
5. Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу төмөнкү кадамдык ырааттуулуктун негизинде жүргүзүлөт:
1) 1-кадам: Максат коюу;
2) 2-кадам: Милдеттерди коюу;
3) 3- кадам: Чараларды/иш-чараларды/аракеттерди коюу;
4) 4-кадам: Күтүлүүчү натыйжа;
5) 5-кадам: Кыйынчылыктарды жана тобокелдиктерди баалоо;
6) 6-кадам: Иш-чаралар планын түзүү;
7) 7-кадам: Бюджетти түзүү;
8) 8-кадам: Иш-чаралар планын ишке ашыруунун прогрессине мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо.
1 §. 1-кадам: Максат коюу
6. Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуунун максаты иш-чаралар планын ишке ашыруу аяктаган учурда тармакты же секторду өнүктүрүүдө каалаган абалга жетүү үчүн туруктуу/стратегиялык өнүгүүнүн тармактык, сектордук жана региондук керектөөлөрүн эске алуу менен стратегиялык документке жараша аныкталат.
7. Региондук деңгээлдеги документтер үчүн максатты аныктоодо стратегиялык документтик алкагында аныкталган жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктары эске алынат.
2 §. 2-кадам: Милдеттерди коюу
8. Милдет коюлган максатка жетүү үчүн чечилиши керек болгон стратегиялык документтин максаттарынан милдет аныкталат. Милдеттерди коюу аныкталган көйгөйлөргө жана аларды чечүү боюнча зарыл чараларга негизделет.
9. Максатты түзүүдө стандарттык талаптар, мында туура коюлган максат төмөнкүдөй болушу керек:
1) формасы боюнча конкреттүү жана кыска;
2) мазмуну боюнча жеткиликтүү жана түшүнүктүү;
3) стратегиялык документти ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөтү менен байланыштуу жана ресурстар боюнча реалдуу.
10. Милдеттер төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) реалдуу, башкача айтканда финансылык ресурстардын керектүү көлөмү менен камсыз болушу керек;
2) максатка ылайыктуу, башкача айтканда, көйгөйлөрдү чечип, максатка карай тездетүү үчүн ал каалаган натыйжаларды бериши керек;
3) карама-каршы эмес жана кайталанбашы керек.
3 §. 3-кадам: Чараларды/иш-чараларды/аракеттерди коюу
11. Стратегиялык документтин коюлган чараларды/иш-чараларды/аракеттерди – берилген маселелердин ар бирин чечүүдөгү конкреттүү иш-аракеттер/демилгелер, макулдашуу маанайдагы сыпаттаманы караштыруу менен аныкталат. Чаралар саясаты милдеттерди иш жүзүндө кантип чечүү механизмдерин аныктайт. Бир тапшырманы аткаруу үчүн бир нече иш-аракеттерди жасоо же үч же андан көп чараларды көрүү керек болушу мүмкүн. Эгерде маселени чечүү “эмнеге жетишүү керек?” деген суроону камтыса, анда бул кадамда конкреттүү иш-аракетти калыптандырууда “маселени кантип чечүү керек?” деген суроо коюлат, анда стратегиялык документтер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу механизмдерин жана чечүү ыкмаларын баяндоо жүргүзүлөт.
12. Чараларды/иш-чараларды/иш-аракеттерди иштеп чыгууда жыйынтык көрсөткүчтөрү аркылуу конкреттүү маселени чечүүдө сунушталган чаралардын камтылышына эксперттик баа берүү маанилүү жол-жобо болуп саналат. Сунушталган чаралар алсыз болгон учурда аларды кайрадан карап чыгуу жана коюлган маселени чечүү шек туудурбагандай жана сунушталган иш-чаралардын/аракеттердин/инструменттердин топтому менен ишенимдүү жабыла тургандай күчтөндүрүү сунушталат.
4 §. 4-кадам: Күтүлүүчү натыйжа
13. Күтүлүүчү натыйжа – бул министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү артыкчылыктар боюнча болжолдоолордун жана эксперттик баалоонун негизинде түзүлгөн Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында эмнеге жетишүү керектигин так аныктоонун жолу. Сапаттын күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрү боюнча базалык көрсөткүчтөрдүн топтомун иштеп чыгуу зарыл.
5 §. 5-кадам: Кыйынчылыктарды жана тобокелдиктерди баалоо
14. Кандайдыр бир документти ишке ашырууда тобокелдиктер жана коркунучтар келип чыгышы мүмкүн, бул аларды ишке ашыруу процессинде олуттуу кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.
15. Төмөнкү тобокелдиктерди, коркунучтарды, алсыздыктарды жана кесепеттерди талдоо жана карап чыгуу сунушталат:
1) социалдык-саясий;
2) форс-мажордук;
3) экономикалык;
4) өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу;
5) энергетикалык коопсуздук;
6) экологиялык коопсуздук;
7) уюштуруу-укуктук;
8) маалыматтык;
9) персоналдык;
10) климаттык.
16. Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгууда төмөнкү көрсөтмөлөрдү сактоо максатка ылайыктуу:
1) чараларды ишке ашыруу учурунда пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди, терс кесепеттерди, мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды аныктоо;
2) тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдуулугун жана кесепеттерин баалоо;
3) ордун толтуруу/тобокелдиктердин таасирин азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо;
4) күтүлгөн тобокелдиктерди жана коркунучтарды жеңүү боюнча чараларды сунуштоо.
6 §. 6-кадам: Иш-чаралар планын түзүү
17. Иштелип чыккан милдеттер, чаралар/аракеттер, күтүлгөн натыйжалар ушул Колдонмонун 1-тиркемесине ылайык бирдиктүү бирдейлештирилген форматка – Иш-чаралар планына келтирилет.
18. Зарыл болгон учурда иш-чаралар планына ишке ашырууда мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы жана бюджети иштелип чыгат (2-тиркеме жана 3-тиркеме).
7 §. 7-Кадам: Бюджетти түзүү
19. Эгерде финансылык ресурстарга муктаждык бар болсо, Иш-чаралар планына бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн белгиленген контролдук сандарынын чегинде бюджетти иштеп чыгуу керек.
20. Бюджеттин жумушчу форматтарын даярдоо ушул Колдонмонун2-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
21. Бюджеттин түзүмү Пландын артыкчылыктарына, максаттарына, милдеттерине жана саясаттарына ылайык так түзүлөт.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-чаралар планынын долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын жана региондук деңгээлде бюджеттик процесстин өнүгүү перспективаларын талдоо маанилүү. Региондук деңгээлдеги иш-чаралардын Планында жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процессти жакшыртууга багытталган иш-аракеттерди көрсөтүүгө тийиш, б.а. жергиликтүү бюджеттик саясат, ал төмөнкү багыттарды камтыйт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше базасын көбөйтүү;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелерин оптималдаштыруу.
23. Мындан тышкары, региондук иш-чаралардын пландарында төмөнкүлөрдү камтыган кирешелерди башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар көрсөтүлүүгө тийиш:
1) салыктык башкаруу боюнча чаралар;
2) салыктык эмес кирешелерди администрациялоо боюнча чаралар;
3) муниципалдык ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар;
4) бюджеттен тышкаркы каржылоо.
8 §. 8-кадам: Иш-чаралар планын ишке ашыруунун прогрессине мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо
24. Ишке ашыруунун жүрүшүн мониторингдөө жана баалоо индикаторлорунун матрицасынын форматы ушул колдонмонун 3-тиркемесине ылайык документтин иш-чаралар планынын пландаштырылган форматына жана мазмунуна жараша түзүлөт. Мониторинг жана баалоо матрицасын толтуруу үчүн милдеттердин ар бири үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигинин кароосу боюнча стратегиялык документти ишке ашыруунун жыйынтыгынын индикаторун (сандык) иштеп чыгуу сунушталат.
25. Иш жүзүндө ченемсиз болгон иш-чаралар үчүн (ченемдер, коммуникативдик аракеттер) сапаттык индикаторду белгилеп, жыл сайын иш жүзүндөгү динамиканын мониторингин белгилөөгө болот.
26. Пландагы милдеттердин ар бирин чечүүнүн прогресси пландаштырылган жана иш жүзүндө жетишилген натыйжалардын ортосундагы четтөөлөрдү баалоо боюнча кварталдык негизде көзөмөлдөнөт.
Эгерде пландаштырылган тапшырма объективдүү себептер боюнча, анын ичинде 5-кадамда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча аткарылбаса, анда тапшырма аткаруудан чыгарылат же аткаруу мөөнөтү негиздемеси менен жылдырылат. Эгерде пландаштырылган тапшырманы толук кандуу аткаруу үчүн кошумча чараларды/аракеттерди коюу зарыл болсо, анда министрликтин же ведомствонун биринчи жетекчисинин макулдугу боюнча мындай чаралар планга киргизилет.
27. Иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо туруктуу негизде жүзөгө ашырылат, зарыл болгон учурда контролдук жана максаттуу комиссиялык текшерүүлөр уюштурулат.
28. Иш-чаралар планын ишке ашыруунун конкреттүү жыйынтыктарын баяндоодо отчет даярдалат, ал:
1) отчеттук мезгилде жетишилген негизги натыйжалар (мындан ары-прогресс жөнүндө отчет);
2) ишке ашырылбаган же толук эмес өлчөмдө ишке ашырылган иш-чараларды көрсөтүү менен пландаштырылган, бирок ишке ашпай калган натыйжалар;
3) иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүнө таасир эткен факторлорду талдоо.
29. Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчет жыл ичинде жана жыл жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегиясынын кароосуна киргизилет.