Загрузка документа…
C. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын 16 сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 16-3
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Тургунова Розияхондын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Тургунова Розияхондын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү (Узи келди каналынын жээгиндеги жаңы көпүрөнүн башталышында) жерди жеңил типтеги пластик эшик-терезе жана буюмдарды кайра иштөөчү кичи цех куруп, мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1.С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү (Узи келди каналынын жээгиндеги жаңы көпүрөнүн башталышында) жер, жерди мөөнөттүү пайдалануу жана жеке менчикке берүү боюнча тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жана С. Юсупова айылдык Кеңешинин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын макулдук берүү боюнча корутундусун жана актысынын негизинде Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Тургунова Розияхонга жеңил типтеги пластик эшик-терезе жана буюмдарды кайра иштөөчү кичи цех куруп, мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе, тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жана С. Юсупова айылдык Кеңешинин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын макулдук берүү боюнча корутундусу жана актысы болбогон учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Нарматов |