Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 3-сентябры ПЖ № 247
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 71 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2024-2026-жылдарга төмөнкүлөргө мараторий белгиленсин:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, Кыргыз Республикасынын сот системасынын органдарынын, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, атайын статуска ээ мамлекеттик бийлик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чектүү штаттык санын жана кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүгө;
2) жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын кошумча кызмат орундарын киргизүүгө.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Жарлыктын 1-пунктунун колдонулушу атайын эсептерде топтолгон каражаттардын, ошондой эле кызматкерлердин санынын жана жумуш убактысынын ченемдеринин чегинде жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү болгон учурда муниципалдык заказды аткарууга бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсептешүү принциптеринин негизинде иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдарга, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга жайылтылбайт деп;
2) айрым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чектүү штаттык саны, ошондой эле кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгек акысы өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө чечиминин негизинде көбөйтүлүшү мүмкүн деп.
(КР Президентинин 2025-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 71 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 68 (3622) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |