КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2023-жылдын 30-майы № 2
Ички көчөлөргө жол чыгаруу жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагынын 50 адамдан турган Айтмырза көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун карап, талкуулап канааттандыруу максатында Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айылынын Айтмырза көчөсүнүн жашоочулары Сманова Калбубунүн 0,1га, Жунушалиева Алматайдын 0,24га жана Сыйдалы көчөсүнүн жашоочулары Бекматов Рапилбек 0,1га, Чойбекова Анаркандын 0,08га жер участоктору ашык чыккандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.
2. Кең-Арал айылынын тургундарынын муктаждыктарын чечүү максатында Айтмырза көчөсүнүн жашоочусу Сманова Калбубунүн жана Сыйдалы көчөсүнүн жашоочусу Бекматов Рапилбектин участокторунун чыгыш тарабынан жол чыгарууга жер бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдетендирилсин.
Төрага | Б.Токонов |