Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-сентябры № 538
Кыргыз Республикасына тооктун жаңы жумурткаларын ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу чектөөнү алып салуу жөнүндө
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 3-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасына тооктун жаңы жумурткаларын (Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН 0407, 0408 классификациялык коду менен) ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тоок жумурткаларын ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген көрүлгөн чаралар жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген көрүлгөн чаралар жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 3-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 68 (3622) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |