Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-июлу № 22/1
Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплекс жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментине беш жылдык мөөнөт менен оперативдик башкарууга берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментине беш жылдык мөөнөт менен оперативдик башкарууга берилсин.
2.Дөбөлү айыл аймагындагы спорт комлексти спорт школа ачуу боюнча тиешелүү документтерин жана уюштуруу иштерине жоопкерчиликте болуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен суралсын.
3.Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаменти, Дөбөлү айыл өкмөтү менен келишим түзүп аткарууга алынсын.
4.Келишимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | К. Субанбеков |