Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-июну № 21/1
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон муниципалдык имаратты Нарын РИИБнүн балансына пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылына айылдык милиция бөлүмүн (ПОМ) ачуу максатында Дөбөлү айылындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон муниципалдык имаратты Нарын РИИБнүн балансына пайдаланууга өткөрүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дөбөлү айылына айылдык милиция бөлүмүн (ПОМ) ачуу максатында Дөбөлү айылындагы М. Боромбаев көчөсүндөгү №38-имаратынын кире бериши менен күн чыгыш тарабындагы 1 (бир) бөлмөсү Нарын РИИБнүн балансына пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары | С. Кадырбеков |