КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры №17-1
“2023-жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерден түшкөн акча каражатты бөлүштүрүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 13321200-беренесине “Максатуу трансферттен” тушкөн компенсация кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен түшкөн 13321200-беренесине “Максаттуу трансферттен” түшкөн компенсация менен 1293,4 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык 1293,4 миң сом акча каражаты:
Аппарат бөлүмүнө:
- Х. Кенжаев орто мектебинин жаңы имаратынын курулушунун долбоордук документтерине 510,0 сом;
- Айылдык кенешинин кеңешме зал имаратынын курулушунун долбоордук документтерине 110,0 миң сом;
- Айыл өкмөттүн аппаратына компьютер сатып алууга 43,4 миң сом.
Китепкана бөлүмүнө:
- Кызыл-Сеңир айылындагы айылдык китепканасынын жабдууларына 95,0 сом;
ЖХК бөлүмүнө
- Ак-Баш айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын ремонтуна 535,0 сом бөлүнуп берилсин;
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г. Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |