Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры №17-3

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агеннтигинин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 2023-жылдын №04-октябрь №01-16/345 билдирүүсүнүн негизинде, Кызыл-Сенир айылынын тургуну Н. Кокуевдин 03-октябрь 2023-жылдагы арызынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-октябрь №01-16/647-10 жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Садыковду кайрылуусун угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир айылындагы МХО участкасындагы бак сугаруу үчүн иштетилип келген 0,0035 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

 

2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев