КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры №17-4
“Кызыл-Сенир айылынын тургуну М. Жолдошевдин арызы ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 30-беренесинин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министирлигине караштуу жер ресурстары боюнча кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын 2023-жылдын 29-сентябрь №01-16/263 номерлүү катын негиз кылып, Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Жолдошев Муртазалинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги отурумунун протоколун негиздеп, айылдык кенештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынынын сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сенир айылынын тургуну Жолдошев Муртазалиге 2003-жылы жол катары пайдаланууга берилген 0,72 га үлүш жер аянтынын ордуна, мамлекеттик фондунун эсебинде турган сугат айдоо жеринен 0,72 га тилкесин жеке менчике сураган арызы канааттандырылсын.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын .
3. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |