Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры №17-5
“Мундуз айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25-сентябрь 1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Мундуз айылынын ички көчөсүнө (мурунку канаттуулар фабрикасынын акыркы аялдамасынын күн батыш тарабындагы) Назаров Өмүралинин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылынын ички көчөсүнө Назаров Өмүралинин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Назаров Өмүрали атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |