Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 28-ноябры №17-9

“Жергиликтүу бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мундуз айылында курулуп жаткан 50 орундуу балдар бакчасынын толук бүтүрүлүүсүнө долбоордун алкагында 10% төлөмгө жергиликтүү бюджеттен 1342298 (бир миллион үч жүз кырк эки миң эки жүз токсон сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Калган керектелүүчү 12080678 (он эки миллион сексен миң алты жүз жетимиш сегиз) сом акча каражаты Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев