| Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 28-ноябрь №17-11 токтому менен бекитилди |
“Кызыл-Туу айыл аймагынын Мыкты мугалим” ардактуу наамын жана төш
белгисин тапшыруунун
ЖОБОСУ:
Жалпы жобо:
1. “Мыкты мугалим” ардактуу наамы жана төш белгиси билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдердин кесиптик, социалдык-экономикалык жана моралдык жактан колдоого багытталат.
2. Сыйлыкты тапшыруунун максаттары :
2.1.Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү;
2.2.Педагогикалык ишмердүүлүгүнө чыгармачылык менен мамиле жасаган, алдынкы көрсөткүчтөргө ээ болгон мугалимдерди табуу жана аларга дем берүү;
2.3.Мугалимдердин кесиптик кадыр-баркын көтөрүү менен коомдук ан-сезимде анын позитивдүү маанйынын калыптануусуна таасир этүү;
2.4.Билим берүү системасында мугалимдерге моралдык, социалдык жана материалдык колдоолорду көрсөтүү аркылуу чыгармачылык дем берүү;
3. Сыйлык кайсы даталуу күндөрдө берилет?
3.1 Акыркы коңгуроо майрамына; (25- май)
3.2 Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө; (5-октябрь)
4. Сыйлыкты кимдер ала алат?
4.1 Педагогикалык эмгек стажы 15 жылдан кем болбогондор;
4.2 Окуткан окуучусу олимпияданын жеңүүчүсү болушу; (райондо, областта, республикада)
4.3 Жыл мугалиминин жеңүүчүсү болуусу; (зонада, райондук, областта)
4.4 Эл аралык же республикалык долбоорлор менен иштеп, билим берүү мекемесине акча каражатын алып келүүсү;
4.5 Мектептин, райондук билим берүү бөлүмүнүн , билим берүү уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланса;
4.6 Окуу-тарбия процессинде алдынкы жаңы методдорду жана иновациялык педагогикалык ыкмаларды, мастер-класстарды практикада колдонуусу жана кесиптештери арасында жайылтуусу;
4.7 Акыркы үч жылда квалификацияны жогорулатуу курсуна катышуу;
4.8 Окуучусу жалпы республикалык тесттен жогорку балл алуусу;
4.9 Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалим” ардактуу наамынын ээси; күбөлүк, төш белги жана жергиликтүү кеңештин чечиминде каралган тиешелүү өлчөмдө (он эсептик көрсөткүч) акча каражаты менен сыйланат;
5. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалим” ардактуу наамы жана төш белгисин алуу үчүн керектүү документтер:
1) Эмгек китепченин көчүрмөсү;
2) Паспорттун көчүрмөсү;
3) Жамааттык профсоюз уюмунун чогулушунун протоколу;
4) Эгерде, окуучусу олимпиаданын жеңүүчүсү болсо, тастыктоочу грамотанын көчүрмөсү;
5) “Жыл мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү экендигин тастыктоочу грамоталары;
6) Алдыңкы иш тажрыйбасынын жайылтылышы боюнча тастыктоочу иш кагаздарынын көчүрмөсү;
7) Акыркы үч жылда квалификациясын жогорулатуу боюнча алган сертификаттарынын көчүрмөлөрү;
8) 3*4 (сүрөт) өлчөмүндөгү сүрөт;
9) Резюме;
10) Сыйлык алуучу мугалимдин өмүр баяны.
6. Кандай каталарды кетирбеш керек?
6.1 Профсоюз уюмунун жетекчисинин сунушу жок, комиссиянын отурумуна 2 ай мурда тапшыруу мөөнөтүн бузган, сыйлыкка көрсөтүлгөн материалдар комиссиянын кароосуна коюлбайт;
6.2 Комиссия зарыл болгон учурда тиешелүү билим берүү мекемелеринен көрсөтүлгөн талапкер жана кошумча маалыматты суроо укугуна ээ;
6.3 Келип түшкөн сыйлоо материалдарды комиссия белгиленген тартипте карап, протокол менен бекитет;
6.4 Комиссиясын корутундусу жергиликтүү кеңешинин чечими менен бекитилет;
6.5 Жеке адамдын юбилейине карата ведомостволук сыйлыктар менен сыйлоо жүргүзүлбөйт;
7. Корутунду
7.1 Ушул Жободо көрсөтүлгөн критерийлердин басымдуу бөлүгүнө ээ болгон мугалимдер Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “ Мыкты мугалим” арадактуу наамы жана төш белгиси менен сыйланат.
7.2 Төш белги алуучу мугалимдин резюмеси Жергиликтүү Кенештин сессиясында каралып, бекитилет.
7.3 Комиссиянын корутундусу жергиликтүү Кенештин сессиясында бекитилет.