Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 506
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 5-пунктчасында "(стипендиялар, материалдык жардам" деген сөздөр "(ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жумуш ордунда кесиптик тажрыйба алуу үчүн окууга (дуалдык окуу) жиберилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто, жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын эмгек акысы;";
4-пунктчада "материалдык жардам," деген сөздөр "ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын (күндүзгү окутуу формасында окуган) каникул убагында иштеген билим алуучуларынын эмгек акысы;";
төмөнкүдөй мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын:
"17) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына жана студенттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнүүчү стипендиялар.".
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыялансын күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |