Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 503
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 "Атайын декларацияны берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 "Атайын декларацияны берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Активдер жөнүндө атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү, атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү тартибинде:
- 2 пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) активдер - атайын декларация берилген датага карата декларант менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси болуп саналган 2023-жылдын 1-январына карата абал боюнча болгон мүлк жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банктык эсептердеги акча каражаттары, Кыргыз Республикасындагы жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталына жана мүлкүнө катышуу үлүштөрү (пайлары);";
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ыйгарым укуктуу кызмат адамдары - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары жана Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары, "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;";
- 4-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Бланкты берген жана активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн органдын аталышы" деген сапта активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн мамлекеттик нотариалдык конторанын же Кыргыз Республикасынын жеке нотариусунун же активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укугу бар Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелердин аталышы көрсөтүлөт;";
бешинчи абзац "каттоонун дареги" деген сөздөн кийин "же иш жүзүндө жашаган жери" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Активдер жөнүндө атайын декларациянын формасында "(акча каражаттарынан тышкары)" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |