Редакцияот 26.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-августу № 81

№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары боюнча соттордун чечимдерин аткаруу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн.

2021-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) "№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө" № 822 токтому менен № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары аныкталган:

1) № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылган;

2) № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп Бакиров Өмүрбек Мирзараимович таанылган.

№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.Р.Рысбаевдин өкүлү А.Жумалиев соттук тартипте даттанганда, Бишкек шаарынын административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 23-декабрындагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 17-декабрындагы № 822 токтому мыйзамдуу деп таанылып, күчүндө калтырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жогоруда аталган 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомунун негизинде, 2023-жылдын 27-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясынын № 838 токтому кабыл алынган, ал токтом менен Ө.М. Бакиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

2022-жылдын декабрында Р.Р.Рысбаевдин өкүлү А.Жумалиев тарабынан - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган Х.Б.Гоиповду жана Ф.М.Норматовду шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнөөлүү деп тапкан Ноокат райондук жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрүн эске алуу менен Бишкек шаарынын административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндө доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотуна берилген.

2022-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарынын административдик соттун ишти кароонун жыйынтыгы боюнча, Р.Р.Рысбаевдин жаңы ачылган жагдайлар негизинде кайра кароо арызы канааттандырылып, Бишкек шаарынын административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин (№ АД-1368/21абс8) жокко чыгаруу тууралуу аныктама кабыл алынган.

Жогоруда аталган аныктамада, сот: 2022-жылдын 22-январындагы Ноокат райондук сотунун жана 2022-жылдын 31-мартындагы Ош облустук сотунун өкүмдөрү менен Х.Б.Гоипов жана Ф.М.Норматов "шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде кылмыш жосуну (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) юридикалык жактан аныкталган" деп, ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жаңы ачылган жагдайлар талаптарына жооп берет" деген тыянакка келген.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 6-февралындагы аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 26-апрелиндеги токтому менен Бишкек шаарынын административдик сотунун 2022-жылдын 12-декабрындагы аныктамасы күчүндө калтырылган.

2023-жылдын 7-июнунда, Бишкек шаарынын административдик соту Р.Р.Рысбаевдин арызын маңызы боюнча карап чыгып, арыз боюнча анын талабын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 1433 чечимин жана 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомун жокко чыгарган.

Мында, Бишкек шаарынын административдик сотунун белгиленген чечимин кабыл алуу үчүн төмөндөгү шарттар негиз болгон:

1) Соттун тыянагына ылайык: "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча маселени караган учурда БШКда шайлоочулардын добуштарын сатып алууга талапкер Ө.М.Бакировдун катыштыгын тастыктаган же жокко чыгарган акыркы натыйжалар болгон эмес, № 1433 чечимин кабыл алууда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Аширходжаевдин 08.12.2021-жылдагы чыг. № 1/7137 маалыматына негизсиз таянган".

Сот, 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомун кабыл алууда БШКда "КР ЖПКда белгиленген тартипте Ноокат райондук сотунун өндүрүшүндө каралып жаткан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча, ошондой эле талапкерге карата өзүнчө бөлүнгөн сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш ишине талапкер О.М.Бакировдун катыштыгы жоктугу жөнүндө акт" жок болгондугун белгилеген.

Соттун пикири боюнча "Х.Б.Гоиповго жана Ф.М.Норматовго карата чыгарылган соттун өкүмүнүн негизинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы далилденген деп эсептелинет, ал эми жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши жарандардын шайлоо укуктарына каршы коомдук коркунучтуу жана укукка каршы жосун экендиги өкүмдө аталган жагдайлар менен КР ЖПК тартибинде аныкталган".

2) Андан ары сот, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам" 28-беренесинин 9-бөлүгүнүн ченемдерине таянуу менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин сактоону көзөмөлдөө жана жол берилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алуу боюнча БШКнын ыйгарым укуктарын белгилеген (соттун чечиминин 10-бетинин 7, 8-абзацтары).

Ошону менен бирге сот, Көк-Жар шайлоо округунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысына БШК тарабынан "шайлоо мыйзамдарын сактоо көз карашынан алганда юридикалык баа берилбей калгандыгы, бул факт боюнча конституциялык Мыйзамда белгиленген чаралар кабыл алынбагандыгы" тууралуу тыянагынын негиздемесине конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнүн экинчи абзацынын ченемин келтирген (соттун чечиминин 11-бетинин 2-абзацы).

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык: "Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери бузулгандыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (актысы) менен ырасталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу".

Соттун пикири боюнча, конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн негизинде талапкер Ө.М.Бакировдун каттоосун жокко чыгарууга жана ал боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга тийиш.

3) Сот, конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн ченемдерине таянган: "Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу (конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык шайлоочулардын добуштарын сатып алуу да кирет).

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, "талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларга катышуу фактылары далилденгенде талапкердин каттоосу жокко чыгарылат".

Жогоруда баяндалгандар боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомду кабыл алууда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча тергөөнү ишке ашырган укук коргоо органдарында ошол учурдагы болгон маалыматтарына негизделген.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 159-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (тергөөнүн тийиштүүлүгү) адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө (анын ичинде КР КЖК 196-беренеси - шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар боюнча) ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан ишке ашырылат.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 8, 10-бөлүктөрүнө ылайык "укук коргоо органдары жана башка органдар укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына, референдум комиссиясына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү".

Шайлоону даярдоо, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынан келип түшкөн бардык маалыматтар, алар боюнча аталган органдардын билдирүүлөрү жана жооптору, анын ичинде каралбаган маалыматтар катары соттун чечиминде көрсөтүлгөндөр, белгиленген тартипте БШК тарабынан дыкат каралган.

Түздөн-түз аталган округ боюнча шайлоонун натыйжаларын белгилөө алдында министрдин орун басары Э.Аширходжаевдин колу коюлуп, 2021-жылдын 8-декабрында берилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин корутундулаган маалыматы (№ 1/7137) суратылып алынган жана каралган, ага ылайык "КР ЖК депутаттыгына талапкер Ө.Бакировдун, добуштарды сатып алуу боюнча өзүнчө бөлүнгөн сотко чейинки өндүрүш ишине катыштыгы бар экендигин далилдеген маалыматтар табылган эмес".

Ошондой эле, 2022-жылдагы Ноокат райондук жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрүндө жарандар Гоипов Х.Б. жана Норматов Ф.М Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө гана каралган шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнөөлүү деп таанылган, бул жерде субъект болуп жарандар өздөрү саналышат.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июнундагы аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомун жокко чыгаруу тууралуу жогоруда аталган Бишкек шаарынын административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечими күчүндө калтырылган.

Ушуга ылайык, соттордун кабыл алган чечимдери менен шайлоо болуп өттү деп таанылып, ал эми Ө.М.Бакиров шайланган депутат болуп таанылган "№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтому жокко чыгарылган.

Түзүлгөн кырдаалда сот актыларын аткаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо маселелерин чечүү зарыл.

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык: "Эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо болбой калды деп таанылат. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт".

Шайлоону болбой калды деп таануу үчүн конституциялык Мыйзамдын ушул беренесинде белгиленген шарттардын жоктугу ачык көрүнүп турат.

Андан ары, конституциялык Мыйзамдын жогоруда аталган 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;

2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса".

Азыркы учурда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүдө (1-пункттагыдай), же болбосо добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүдө (2-пункттагыдай) бузууларды тастыктаган материалдар жок.

Кабыл алынган сот чечимдерин жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени андан ары кароо үчүн 2023-жылдын 21-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.М.Бакировго карата өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн кылмыш ишин тергөөнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине суроо-талап (№ 04-9/743) жөнөткөн.

Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык, "Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылары, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу учурунда судьянын талаптары жана буйруктары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана алар кыйшаюусуз аткарылууга тийиш".

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 265-беренесинин 1-пунктуна ылайык, "Кассациялык инстанциядагы соттун актылары жарыя кылынган учурдан тартып токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт".

Жогоруда белгиленгендей, аталган сот актылары менен жокко чыгарылган Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомунун негизинде 2021-жылдын 27-декабрында Ө.М.Бакиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталган Борбордук шайлоо комиссиясынын № 838 токтому кабыл алынган.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июнундагы аныктамасы менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен күчүндө калтырылган Бишкек шаарынын административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткарууда, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28, 37-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтому Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бөлүгүндө жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова