Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 518
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча
чаралар жөнүндө
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү жана алардын ишине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги саналат;
2) “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 171-статьясынын 3-бөлүгүн ишке ашыруунун алкагында арыздар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
– 8-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт.”.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү жана алардын ишине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзам) ылайык иштелип чыккан, Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү тартибин (мындан ары – Реестр) жана Реестрде камтылган маалыматтарга карата талаптарды, чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын ишин текшерүү тартибин аныктайт.
2. Реестр бул Реестрге киргизилген чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук маалыматтар базасын билдирет.
3. Реестрди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Реестр мамлекеттик жана расмий тилдерде ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча электрондук түрдө жүргүзүлөт.
2-глава. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдарды Реестрге киргизүүнүн
(Реестрден чыгаруунун) тартиби
5. Коммерциялык эмес уюмду Реестрге киргизүү чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
6. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамда белгиленген, иши чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун критерийлерине ылайык келген коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси мындай ишти жүзөгө ашыра баштаган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга уюмду Реестрге киргизүү жөнүндө арыз берет.
7. Коммерциялык эмес уюмду Реестрге киргизүү жөнүндө арыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет.
8. Реестрге чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм жөнүндө төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) катар номери;
2) толук аталышы;
3) кыскартылган аталышы (болгон учурда);
4) юридикалык дареги;
5) каттоо номери;
6) идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН);
7) ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары – ИУЖК) коду;
8) иштин түрү;
9) банк эсебинин реквизиттери;
10) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) аты-жөнү/аталышы;
11) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ИЖНи/ИСНи;
12) жетекчинин аты-жөнү;
13) жетекчинин ИЖНи;
14) кызматкерлер жөнүндө маалыматтар;
15) эскертүү (жабык бөлүгүндө).
9. Реестрде “Катар номери” графасында Реестрге киргизилген датасына жараша коммерциялык эмес уюмду каттоонун катар номери көрсөтүлөт.
10. “Толук аталышы” графасында коммерциялык эмес уюмдун толук фирмалык аталышы мамлекеттик, расмий жана (же) англис тилдеринде көрсөтүлөт.
11. “Кыскартылган аталышы (болгон учурда)” графасында коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган фирмалык аталышы мамлекеттик, расмий жана (же) англис тилдеринде (болгон учурда) көрсөтүлөт.
12. “Юридикалык дареги” графасында Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары – Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестри) камтылган тиешелүү маалыматтарды каттоо документтерине ылайык коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги көрсөтүлөт.
13. “Каттоо номери” графасында ар бир катталган (кайра катталган) коммерциялык эмес уюмга таризделүүчү архивдик каттоо ишине ыйгарылуучу каттоо номери көрсөтүлөт.
14. “Идентификациялык салык номери” графасында коммерциялык эмес уюмдун ИСНи көрсөтүлөт.
15. “Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун коду” графасында коммерциялык эмес уюмдун ИУЖК коду көрсөтүлөт.
16. “Иштин түрү” графасында каттоо документтерине, Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган тиешелүү маалыматтарга ылайык коммерциялык эмес уюмдун ишинин негизги түрү көрсөтүлөт.
17. “Банк эсебинин реквизиттери” графасында банктын аталышы, банктын идентификациялык коду, банктын ИУЖК коду, коммерциялык эмес уюмдун банк эсебинин номери көрсөтүлөт;
18. “Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) аты-жөнү/аталышы” графасында Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган каттоо документтерине, тиешелүү маалыматтарга ылайык уюштуруучунун-жеке жактын фамилиясы жана инициалдары жана (же) коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу катары чыккан юридикалык жактын фирмалык аталышы көрсөтүлөт.
19. “Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ИЖН/ИСНи” графасында уюштуруучунун ИЖНи/ИСНи көрсөтүлөт.
20. “Жетекчинин аты-жөнү” графасында каттоо документтерине, Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган тиешелүү маалыматтарга ылайык коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин фамилиясы жана инициалдары көрсөтүлөт.
21. “Жетекчинин ИЖНи” графасында коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин ИЖНи көрсөтүлөт.
22. “Коммерциялык эмес уюмдун кызматкерлери жөнүндө маалыматтар” графасында кызматкерлердин (анын ичинде мөөнөттүү эмгек келишиминин же жалдоо келишиминин негизинде эмгек ишин жүргүзгөн кызматкерлердин) өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерине ылайык фамилиясы жана инициалдары көрсөтүлөт.
23. “Эскертүү” графасында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 17-статьясынын 5 жана 6-бөлүктөрү бузулгандыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтүлгөн дата, коммерциялык эмес уюмдун ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган дата, аудитордук корутунду келип түшкөн дата, Реестрден чыгарылган дата жөнүндө өзгөчө белгилер жана Реестрди жүргүзүү менен байланышкан башка маалыматтар көрсөтүлөт.
24. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмду Реестрге киргизүү жөнүндө чечим ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык арыз ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.
25. Чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм Реестрден төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) коммерциялык эмес уюмдун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулганда;
2) коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин арызы боюнча, эгерде коммерциялык эмес уюм:
– уюмду Реестрден чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн мурунку 12 (он эки) календардык айдын ичинде чет өлкөлүк булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү албаса;
– уюмду Реестрден чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн мурунку 12 (он эки) календардык айдын ичинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга ылайык саясий иштин формаларына туура келген аракеттерди жүргүзбөсө.
26. Реестрден чыгаруу жөнүндө арыз чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
27. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 25-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн арызды алган күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндүн ичинде коммерциялык эмес уюм берген маалыматтарды жана аны Реестрге киргизүү үчүн негиз болгон жагдайларды текшерет жана коммерциялык эмес уюмду Реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат же аны чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмду Реестрден чыгаруу же чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечимди ушул Жобонун 37-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган тиешелүү корутундулардын негизинде кабыл алат.
28. Коммерциялык эмес уюмду Реестрден чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 27-пунктунда каралган негиздер боюнча жүргүзүлгөн маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коммерциялык эмес уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 2-статьясында белгиленген саясий ишти жүзөгө ашырууну токтотуу жана (же) чет өлкөлүк булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү алууну токтотуу жөнүндө анык эмес маалыматтарды бергендиги аныкталган учурда кабыл алынат.
Коммерциялык эмес уюм тарабынан ыйгарым укуктуу органдын бул чечимине “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.
29. Чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм Реестрден төмөнкү мөөнөттөрдө чыгарылат:
1) ушул Жобонун 25-пунктунун 1-пунктчасына ылайык –коммерциялык эмес уюмдун ишинин токтотулушун каттоо жөнүндө маалыматтар Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде;
2) ушул Жобонун 25-пунктунун 2-пунктчасына ылайык –“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 2-статьясында белгиленген саясий ишти жүзөгө ашырууну токтотуу жана (же) чет өлкөлүк булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү алуу токтотулгандыгы жөнүндө маалымат тастыкталган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде.
30. Ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмду Реестрден чыгаруу жөнүндө (Реестрден чыгаруудан баш тартуу жөнүндө) чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде коммерциялык эмес уюмга бул чечим тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
31. Реестрде камтылган маалыматтар өзгөргөн учурда, чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде өзгөртүүлөр жөнүндө тиешелүү документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга өзгөртүүлөр тууралуу билдирет.
Кызматкерлерди (анын ичинде мөөнөттүү эмгек келишиминин же жалдоо келишиминин негизинде эмгектенген кызматкерлерди) жумушка алган (бошоткон) учурда чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм кызматкерлерди жумушка алган (бошоткон) күндөн тартып 7 (жети) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга тиешелүү кабарлоону жөнөтөт.
3-глава. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”
Мыйзамдын 171-статьясынын 6–11-бөлүктөрүнүн
жоболорун ишке ашыруунун тартиби
32. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга көз карандысыз аудитордун аудитордук корутундусун берет.
Көз карандысыз аудитордун аудитордук корутундусу жазуу жүзүндө берилет, ага жетекчи кол коёт, коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, барактарына номер коюлат жана көктөлөт.
33. Чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм көз карандысыз аудитордун аудитордук корутундусун берген учурда, ыйгарым укуктуу орган 10 (он) жумуш күндүн ичинде көз карандысыз аудитордун аудитордук корутундусунун көчүрмөсүн салык мыйзамдарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын контролдоо үчүн салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
34. Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын ишин, алардын уюштуруу документтеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган максаттарга ылайык келишин контролдоо “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 171-статьясына ылайык ушул Жободо аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
35.Ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн контролду жүзөгө ашыруу төмөнкү чөйрөлөр менен чектелээри белгиленсин:
1) финансылык транспаренттүүлүк жана салык мыйзамдарын сактоо;
2) өндүрүлүүчү жана (же) таратылуучу материалдар, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана (же) Интернет тармагын пайдалануу менен таратылган материалдар чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм тарабынан өндүрүлгөнүн, таратылгандыгын жана (же) жөнөтүлгөндүгүн көрсөтүү менен коштолууга тийиш;
3) уюмдун уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүчү саясий ишке катышуу;
4) уюмдун ишинин анын уставдык максаттарына ылайык келиши.
36. Контролду жүзөгө ашыруунун алкагында текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коммерциялык эмес уюм тарабынан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 171-статьясынын талаптарынын бузулгандыгы жөнүндө кайрылуусу;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдун ишинин уставдык максаттарына ылайык келбегендиги жөнүндө кайрылуусу.
37. Коммерциялык эмес уюм тарабынан мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы жана уюмдун иши анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга ылайык келбегендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кайрылуулар келип түшкөн учурда, ыйгарым укуктуу орган бул кайрылууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга иш чөйрөсүнө жана компетенциясына жараша жөнөтүүгө укуктуу.
Финансылык транспаренттүүлүктүн талаптарын жана салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча маселелер тиешелүү корутунду берүү үчүн салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Коммерциялык эмес уюм тарабынан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 171-статьясынын 5-бөлүгүнүн сакталышы боюнча маселелер тиешелүү корутунду берүү үчүн маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий ишке катышуу менен байланышкан маселелер коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн уюмдун ишинин уставдык максаттарына ылайыктуулук талаптарын сактоо боюнча максаттарына жана милдеттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарынын сакталышын баалоого карабастан, тиешелүү корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жиберилет.
Уюмдун ишинин анын уставдык максаттарына ылайык келүү талаптарын сактоо боюнча маселелер коммерциялык эмес уюмдун ишинин уставдык максаттарынан келип чыгуучу негизги түрлөрүнө тийиштүү болгон иш чөйрөсүнө жана компетенциясына тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
38. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында түздөн-түз коммерциялык эмес уюмдан же болбосо ыйгарым укуктуу орган аркылуу текшерүүнүн предметине тиешелүү маалыматтарды жана документтерди гана сурап алууга укуктуу.
39. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 171-статьясынын 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн бузулгандыгын ырастаган тиешелүү корутундуларды алганда ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмга 10 (он) жумуш күндүн ичинде жол берилген бузууларды жана аларды бир айдан ашпаган жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтөт.
40. Коммерциялык эмес уюм жол берилген бузууларды ыйгарым укуктуу органдын кабарлоосунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюуга милдеттүү.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 171-статьясынын 3 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык жол берилген бузуулар коммерциялык эмес уюмду Реестрге киргизүү жөнүндө арыз берилген жана тиешелүү түрдө көз карандысыз аудитордун аудитордук корутундусу берилген учурдан тартып четтетилди деп эсептелет.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 171-статьясынын 5-бөлүгүнө ылайык жол берилген бузуулар маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын жоюлгандыгы жөнүндө ырастоочу корутунду ыйгарым укуктуу органга берилген учурдан тартып четтетилди деп эсептелет.
41. Кабарлоодо көрсөтүлгөн бузуулар белгиленген мөөнөттө четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмга кабарлоо менен коммерциялык эмес уюмдун ишин 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө токтото туруу жөнүндө чечим чыгарат.
42. Коммерциялык эмес уюмдун ишин токтото туруу жөнүндө чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.
43. Эгерде коммерциялык эмес уюмдун ишин токтото туруу белгиленген мөөнөттүн ичинде коммерциялык эмес уюм кабарлоодо көрсөтүлгөн бузууларды ушул Жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте жойсо, коммерциялык эмес уюм өз ишин кайра баштайт.
44. Эгерде коммерциялык эмес уюмдун ишин токтото туруу белгиленген мөөнөттүн ичинде коммерциялык эмес уюм кабарлоодо көрсөтүлгөн бузууларды жойбосо, ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмду жоюу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясынын талаптарынын тартибинде сотко кайрылат.
Корутундулары (маалыматтары) тиешелүү кабарлоолорду жөнөтүү үчүн негиз болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү сотко кайрылуу үчүн зарыл болгон арыздарды (өтүнүчтөрдү жана башка документтерди) даярдоо үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан тартылышы мүмкүн.
45. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кабарлоолорунун, корутундуларынын (маалыматтарынын) көчүрмөлөрү, коммерциялык эмес уюмдардын каттары жана башка материалдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан коммерциялык эмес уюмдун архив ишине тиркелет.