Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-августу № 105
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү негиздер боюнча чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 21.08.2024-ж. № 11, 23.08.2024-ж. № 12 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча чечими.
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 23.08.2024-ж. № 17 - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча.
2. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечими:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 21.08.2024-ж. № 11, 23.08.2024-ж. № 12 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча.
3. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 23.08.2024-ж. № 18 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча чечими.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Бишкек жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-августундагы №105 токтомуна 1-тиркеме |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1. |
Бишкек шаардык | Балакин Сергей Борисович (22) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 11, 21.08.2024-ж. (16.08.2024-ж. өз арызы) |
Султанов Токтосун Султанович (7) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 12, 23.08.2024-ж. (20.08.2024-ж. өз арызы) | ||
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
2. | Кызыл-Туу айылдык (№ 4 Кызыл-Сенир) шайлоо округу) | Калбаев Тынчтыкбек Бектеналиевич | Сузак АШК, № 17, 23.08.2024-ж. (21.08.2024-ж. өз арызы) |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
Б. Макешов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-августундагы №105 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары
деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1. |
Бишкек шаардык | Эсенбеков Мирбек Асанбекович (24) "Эмгек" саясий партиясы | Токойлорду изилдөөчү илимий өндүрүү борбору директордун орун басары УИА КР | Бишкек АШК, №11, 21.08.2024-ж. |
Долотбаков Самат Желденович (27) "Эмгек" саясий партиясы | ИП Долотбаков С.Ж. ген. директор | Бишкек АШК, № 12, 23.08.2024-ж. | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
2. | Кызыл-Туу айылдык (№ 4 Кызыл-Сенир) шайлоо округу) | Турапов Асан Нурматович | Жеке ишкер | Сузак АШК, № 18, 23.08.2024-ж. |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
М. Кожокеева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
Б. Макешов |