БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27- август айы № 2
«Азимов Кылычбек Жумашевичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө»
“Балыкчы шаарындагы аталыштарды өзгөртүү” жана “Ардактуу жаран” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын 2024-жылдын 6-август айындагы № 4 протоколунун негизиндеги сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаарынын тургуну Азимов Кылычбек Жумашевичке -коммуналдык чарба тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн, “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” ардактуу наамы ыйгарылсын.
- “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү жана эстелик төш белгисин ыйгаруу, ардак китепчесине каттоо жагы Балыкчы шаарынын мэриясына жана шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
- Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актысы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж. Абдразаков