Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27- августу № 3
«Акулуев Урмат Шабыновичке “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө»
“Балыкчы шаарындагы аталыштарды өзгөртүү” жана “Ардактуу жаран” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын 2024-жылдын 6-август айындагы № 4 протоколунун негизиндеги сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын тургуну Акулуев Урмат Шабыновичке- үзүрлүү эмгеги, кесиптик чеберчилиги, кызматтагы жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн, “Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” ардактуу наамы ыйгарылсын.
2.“Балыкчы шаарынын ардактуу жараны” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүктү жана эстелик төш белгисин ыйгаруу, ардак китепчесине каттоо жагы Балыкчы шаарынын мэриясына жана шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы | Ж. Абдразаков |