Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-августу № 188
“Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 27, 34-беренесинин, 37-беренесинин 2 пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси О. Матазимовдун “Сүлүктү - Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;
2. Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен, чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча шаардык мэрия менен биргеликте атайын иш-чара түзүү жана аткарууга алуу жагы “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси О. Матазимовго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Сүлүктү - Тазасуу канал” МИ жетекчиси О. Матазимого жана , көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |