Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-августу № 189
Шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин, 37-беренесинин 2 пунктунун негизинде Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.
2. Сүлүктү шаарынын аймагында коптуу жайлар боюнча өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча шаардык мэрия менен биргеликте атайын иш чара түзүлүп аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология” боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |