Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-августу № 192
Шаардын аймагындагы ясли – бала бакчаларында жана балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тарбиялануучуларга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө
Шаардын аймагындагы ясли –бала бакчаларында жана балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тарбиялануучуларга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө маалыматты жана Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн шаардын аймагындагы ясли –бала бакчаларында тарбиялануучуларга жана тарбиячыларга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.
2. Шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тарбиялануучуларга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.
3. Шаардын аймагындагы ясли – бала бакчаларында тарбиялануучуларга жана тарбиячыларга түзүлгөн шарттарды жакшыртуу үчүн зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттардын сметасын түзүү жана шаардык кеӊешке киргизүү жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |