Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышы кезектеги ХХХХII сессиясы
2024-жылдын 27 -августу №42/160
2024-жылдын I жарым жылдыгында Кызыл-Кыя шаарынын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыковдун отчету
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
2024–жылдын I жарым жылдыгында шаардын туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2024–жылдын I жарым жылдыгында шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ иштерди алып барышты.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 20–октябрындагы июлундагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнүн 3)–пункттарына жана 48–беренесинин 12–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-26-июлундагы №72, Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы № 22, Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-июлундагы № 34, Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 25-июлундагы № 37, Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 52 протоколдорун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
– макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
– шаардын социалдык инфраструктурасынын өсүп–өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигин эске алып, аны толуктоо максатында, түрткү берүүчү гранттарды тартууну активдештирүү жагы;
– шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке, камсыздандыруу төлөмдөрдүн өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу жана кошумча булактарды табуу жагы;
– шаардын пенсионерлерине пенсияларды өз убагында чегерүүнү жана төлөп берилишин камсыз кылуу, пенсияга чыгуу үчүн документтерди кабыл алуу боюнча жаӊы киргизилген эрежелердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы;
– шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү жагы;
– шаардагы жаш балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, СПИД, туберкулез, кутурма жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү жагы;
– шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү жагы;
– билим берүү тармагында мектептерге жана балдар бакчаларына балдарды кабыл алууда “Электрондук кезек” системасына киргизүүнүн жүрүшү, имараттардын күз кыш мезгилине даярдоодо, муктаж болгон мектептерди капиталдык ремонттон өткөрүүдө жана окуу куралдары китептер менен камсыздоодо иш аракеттерди жасоо жагы;
– шаарды жашылдандыруу максатында эгилген бак-дарактарга тийиштүү кам көрүү жагы;
– 2024-жылдын бюджетине бекитилген иш чараларды аткаруу максатында, иш чараларды мамлекеттик сатып алуулар порталына өз убагында жарыялоону жана аткарууну көзөмөлдөө жагы;
– шаардын архитектуралык жактан көрүнүшүн жакшыртуу максатында, шаардын Башкы планын тез арада сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу жана мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө иштерин күчөтүү жагы.
Төрага: | Ж.Калматов |