Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27- август айы № 5
«Балыкчы шаарындагы Манас көчөсүнүн № 51 дарегинде жайгашкан “Айиша” мектебинин имаратын Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө»
Балыкчы шаарынын Манас көчөсүндөгү № 51 дарегинде жайгашкан “Айиша” мектебинин имараты тууралуу Балыкчы шаарынын прокуратурасынын “ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү” жөнүндөгү 07.05.2024-ж. № 117-07-282 мэрияга берилген суроо талабына ылайык, Нурдинов Курбан Нурдинович өз ыктыяры менен арызынын негизинде Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу, курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине жетекчиликке алып, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы Манас көчөсүндөгү №51 дарегинде жайгашкан бирдейлештирилген коду 2-07-05-0040-0126 “Айиша” мектеби жалпы аянты-1473,23м2, 2-кабаттуу имарат, көмөкчү курулуш аянты 69,3м2, жайгашкан жер аянты-5650,0м2, имарат жер тилкеси менен Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
- аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков