Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27- август айы №6
«Балыкчы шаарындагы “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын №1 жана №2 портторун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө»
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине жетекчиликке алып, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 7-августундагы №01-18/3780 кайрылуусун жана курулуш, архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба, өнөр жай жана транспорт, ишкерликти өнүктүрүү боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаары, Озерная көчөсү №221 дарегинде жайгашкан, “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын №1 идентификациялык коду: 2-07-02-0030-0097 жана №2 идентификациялык коду: 2-07-050041-0062 портторун жер тилкеси менен Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген жылдар аралыгындагы дебитордук жана кредитордук карыздарды жоюу иш чараларын аткаруу менен өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына:
- аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков