Редакцияот 03.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бириккен Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин

кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылдын 03-июну № 4/3

 

Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы Бак көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган эски “Мончонун” имаратын айылдын социалдык эконимикалык абалын жогорултуу максатында 3 сааттык бала бакча ачууга имараттын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы Бак көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган эски “Мончонун” имаратын айылдын социалдык эконимикалык абалын жогорултуу максатында 3 сааттык бала бакча ачууга имараттын багытын өзгөртүү үчүн Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайрылуу катын карап талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши;

 ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы Бак көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган эски “Мончонун” имаратын айылдын социалдык эконимикалык абалын жогорултуу максатында имараттын багыты “Мектепке чейинки билим берүү” мекемеси болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар жооптуу катчысы Б.Асановго милдеттентирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин социалдык маселер, маданият жаштар, спорт Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрага:

 

Р.Эрмекбаев