Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27- август айы №10
«Балыкчы шаардык токой чарбасынын Көк-Мойнок
токойчулугунун 0,4га аянтты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу коргоо жана карантин департаментинин 26.08.2024ж. №02-4/166 сандуу катынын жана Балыкчы шаарынын мэриясынын 26.08.2024-ж. № 01-18/4263сандуу кайрылуусун карап, талкуулап Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы токой чарбасынын Көк-Мойнок токойчулугунун Кара-Талаа участогундагы №4 кварталынын №1 бөлүкчөсүнүн 0,4га жер аянтка Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жердин башка категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Балыкчы шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азаматка тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков