Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган)

XXVI сессиясы

 

2024– жылдын 23-январы № 4

 

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин сунуш каты жөнүндө

 

Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Кыргыз Республикасынын “Жер укук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2022-жылдын 01-апрелиндеги №21 токтомдун 8- пункттардын негизинде иш алып баруу жөнүндө сунушун угуп жана кеңири карап талкуулап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы системалык каттөөдөн өтүп, ар кандай атуулдарды Кыргыз Республикасынын “Жер укук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2022-жылдын 01-апрелиндеги №21 токтомдун 8- пунктунун жана “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №291 токтомдун 31-1 пункттарды негизинде ээлеп турган аянттарын өзгөртүүсүз калтыруу менен иш кагаздарын даярдап берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Атуулдарга мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Жер ресурстары кызматы Кара-Суу филиалынын жана курулушту колдонуга уруксат берүүчү иш кагаздарды түздүрүү жагы Кара-Суу райондук архитектура , шаар курулуш башкармалыгынан жер участогуна болгон укугун каттап, укуктуу күбөлөндүрүүчү иш кагаздарды берүү жагы суралсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

З.Г. Нурдинов