Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган)

XXVI сессиясы

 

2024– жылдын 23-январы № 6

 

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган бардык мүлктөрүнө инвентаризация жүргүзүү жөнүндө

 

            Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б.башчысы Р.Рахматовдун Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Суу финансы башкармалыгынын №01-2/3.10.01.2024 жылдагы чыгыш катынын, Кара-Суу РМА нын №6.17.01.2024-жыл, К.Р.Президентинин 2023-жылдын 29-декабрдагы АТР жүргүзүү жөнүндө” ПЖ № 370 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча райондун жол картасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде админстративдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыктын негизинде айыл өкмөтүндө муниципалдык менчиктеги катталган мүлктөрдү инвентаризациялоо боюнча сунушун айылдык кеңештин сессиясында карап чыгып, сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы муниципалдык мекемелердин карамагындагы бардык социалдык жана башка обькетилердин, техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн санын, алардын документтерин тактоо, аларды инвентаризациялоо иш чаралары 2024-жылдын январь айы ичи жүргүзүлсүн.

2. Андан ары админстративдик- аймактык реформалар толук аягына чыкканга чейин ай сайын такталышын көзөмөлгө алынып турулсун.

3. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мүлктөрдү инвентаризациядан өткөрүлгөндүгү боюнча актыларды өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык адеп боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

З.Г. Нурдинов