Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган)

XXVI сессиясы

 

2024– жылдын 23-январы № 7

 

Айыл өкмөтүнүн адиси С.Исировдун Андижан маала айылына элдерди таза суу менен камсыз кылуу боюнча бурголочу (водокачка) курууга жер ажыратуу жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш каты жөнүндө

  Айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн адиси С.Исировдун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXI -сессиясында кабыл алынган № 11 токтомго ылайык Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Андижан маала жана Тажик маала айылдарына элдерди таза суу менен камсыз кылуу максатында бурголочу (Водокачка) курууга жер ажыратуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими чыккандыгы, ал токтомдо көрсөтүлгөн Андижан маала айылындагы №5 контурдагы тиешелүү участок Кара-Суу райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун чыг № 01-2/118, 29.12.2023, катына ылайык коюлган талаптарга жооп бербегендиктен, ушул эле Андижан маала айылынын жанындагы № 28 контурдагы участоктон 0.30 га жерди элдерди таза суу менен камсыз кылуу максатында жер тилкесин трансформациялоого сунушу менен тааныштырды жана ага макулдук берүүнү сунуштады.

Кеңештин депутаттары ушул сунушту карап чыгып жана кенири таалкулап чыгып айылык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 28.04.2023-жыл күнү кезектеги XXI-сессиясынын № 11 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Андижан маала айылындагы № 5 контурда жайгашкан 0.20 га жер аянтына өзгөртүү киргизилип, № 28 контурдагы 0.30 га жер аянтын (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Элдерди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында чыгарылган токтомду мыйзам чегинде карап , иш кагаздарын даярдоо жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

З.Г. Нурдинов