Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району Шарк айылдык
Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХХV сессиясы
2024– жылдын 18-январы № 2
Таштак айылынын Б.Козубаев 3 көчөсүнө аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу районунун Шарк аймагынын Таштак айылынын Б.Козубаев көчөсүнүн жашоочуларынын протоколун (2023-жылдын 25-декабрьдагы № 243) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Таштак айылынын Б.Козубаев 3 көчөсүнө аталышы өзгөртүлсүн жана жаны Мирзаев Полотжан наамы ыqгарылсын;
2. Ушул токтомду тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоо боюнча иштерин, Шарк айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн;
3. Көчөлөрдү кайра атоо боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Шарк айылдык Кеңешинин төрагасы |
| С.Абзалов |