Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-марты № 17
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Аксы, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. № 1 - Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. № 8, № 9 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 15.02.2024-ж. № 5 - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 28.02.2024-ж. № 2, № 3 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка жана Фрунзе айылдык кеңештери боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. № 2 - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. № 2 - Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Кара-Бак жана Кара-Булак айылдык кеңештери боюнча;
- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 15.02.2024-ж. № 2; 22.02.2024-ж. №3 - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. № 5; 26.02.2024-ж. № 6 - Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. № 1; 26.02.2024-ж. № 2 - Талас облусунун Талас районундагы Осмонкулов айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. № 1; 01.03.2024-ж. № 2, № 3 - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа жана Ак-Жар айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 20.02.2024-ж. № 5, № 6, № 7, № 8 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 22.02.2024-ж. № 1 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. № 2; 27.02.2024-ж. № 3 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. № 2; - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 27.02.2024-ж.. № 2 - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши боюнча;
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 15.02.2024-ж. № 5 - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 28.02.2024-ж. № 2 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. № 2 - Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. № 2 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча;
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Аксы, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ысык-Ата, Сокулук, Баткен, Ноокен жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-мартындагы № 17 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош шаары | |||
1 | Ош шаардык | Усөнов Бексултан Нурланович (8) "Биздин Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Ош АШК, № 1, 19.02.2024-ж. (10.02.2024-ж. өз арызы) |
2 | Раимов Эмилбек Жеңишбекович (23) "Биздин Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Ош АШК, № 1, 19.02.2024-ж. (09.02.2024-ж. өз арызы) | |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
3 | Кара-Балта шаардык | Джетыбаева Айгуль Алымкуловна (5) "Кучтуу Коом-Сильное Общество" депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 8, 19.02.2024-ж. (08.02.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Ата району | |||
4 | Сын-Таш айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Супаканов Рустам Токтосунович | Ысык-Ата АШК, № 5, 15.02.2024-ж. (ЖААКтын 08-08 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 26-июнундагы берилген каза болгондугу тууралуу № К0207 0234962 күбөлүгү) |
Сокулук району | |||
5 | Военно-Антоновка айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Сапарбек уулу Элдияр | Сокулук АШК, № 2, 28.02.2024-ж. (15.01.2024-ж. өз арызы) |
6 | Фрунзе айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Касымбаев Азат Аскерович | Сокулук АШК, № 3, 28.02.2024-ж. (28.02.2024-ж. өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Баткен шаары | |||
7 | Баткен шаардык | Зикираев Меңдибай Икрамович (13) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК, № 2, 19.02.2024-ж. (07.02.2024-ж. өз арызы) |
8 | Гаипов Урустамбек Алиевич (7) "Ала-Тоо Кыргыз жери" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК. № 2, 19.02.2024-ж. (29.01.2024-ж. өз арызы) | |
Баткен району | |||
9 | Самаркандек айылдык (№ 4 Жаңы-Бак шайлоо округу) | Ганыев Бусурманкул Алгамидинович | Баткен АШК, № 2, 29.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) |
10 | Кара-Бак айылдык (№ 5 Кызыл-Бел-2 шайлоо округу) | Надирова Мастира Назировна | Баткен АШК, № 2, 29.02.2024-ж. (20.02.2024-ж. өз арызы) |
11 | Кара-Булак айылдык (№ 4 Кара-Булак шайлоо округу) | Дубанаева Назгүл Курбанбековна | Баткен АШК, № 2, 29.02.2024-ж. (20.02.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Балыкчы шаары | |||
12 | Балыкчы шаардык | Асанова Мээрим Кыдырбековна (3) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Балыкчы АШК, № 2, 15.02.2024-ж. (07.02.2024-ж. өз арызы) |
13 | Жунушалиев Бакыт Жеңишбекович (4) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Балыкчы АШК, № 2, 15.02.2024-ж. (05.02.2024-ж. өз арызы) | |
Талас облусу | |||
Талас шаары | |||
14 | Талас шаардык | Кулмырзаев Максат Кулмырзаевич (4) "Аманат" депутаттык фракциясы | Талас шаардык АШК, № 5, 19.02.2024-ж. (15.02.2024-ж. өз арызы) |
Талас району | |||
15 | Осмонкулов айылдык (№ 1 Аккоргон шайлоо округу) | Култашыров Санжарбек Сабитбаевич | Талас АШК, № 1, 21.02.2024-ж. (21.02.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
16 | Ак-Талаа айылдык (№ 1 Ак-Талаа шайлоо округу) | Жусупбеков Мирлан Муратбекович | Ат-Башы АШК, № 1, 21.02.2024-ж. (12.02.2024-ж. өз арызы) |
17 | Токтосунов Чынгыш Токтосунович | Ат-Башы АШК, № 2, 01.03.2024-ж. (16.02.2024-ж. өз арызы) | |
18. | Ак-Жар айылдык (№ 1 Ак-Жар шайлоо округу) | Темирбек кызы Нурия | Ат-Башы АШК, № 3, 01.03.2024-ж. (15.02.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Кара-Көл шаары | |||
19 | Кара-Көл шаардык | Шатманов Замир Аскарбекович (26) "Замандаш" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 5, 20.02.2024-ж. (18.02.2024-ж. өз арызы) |
20 | Токтосунов Абил Токтосунович (5) "Замандаш" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 7, 20.02.2024-ж. (18.02.2024-ж. өз арызы) | |
Жалал-Абад шаары | |||
21 | Жалал-Абад шаардык | Эргешов Байгазы Анаркулович (26) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 1, 22.02.2024-ж. (13.02.2024-ж. өз арызы) |
Ноокен району | |||
22 | Сакалды айылдык (№ 4 Чоң-Багыш шайлоо округу) | Исмаилов Мансурбек Таштанбекович | Ноокен АШК, № 2, 21.02.2024-ж. (18.02.2024-ж. өз арызы) |
23 | Юсупов Дурусбек Рустамович | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) | |
24 | Мамашов Азизбек Пазылжанович | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) | |
25 | Сакалды айылдык (№ 2 Сакалды шайлоо округу) | Сайпидинов Манасбек Жоробаевич | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) |
26 | Шерматов Үмүтбек Баатыржанович | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) | |
27 | Божаева Бегимай Ихвалжановна | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) | |
28 | Кенжаев Алмазбек Джабаралиевич | Ноокен АШК, № 3, 7.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) | |
29 | Сакалды айылдык (№ 3 Кыргызстан шайлоо округу) | Масиров Шайырбек Маматкулович | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (26.02.2024-ж. өз арызы) |
30 | Абишов Жеңишбек Маматкадырович | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) | |
31 | Ажиматов Султанбек Абдувалиевич | Ноокен АШК, № 3, 27.02.2024-ж. (27.02.2024-ж. өз арызы) | |
Аксы району | |||
32 | Кербен шаардык | Омуралиев Жеңишбек Кубатбекович (1) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Аксы АШК, № 2, 29.02.2024-ж. (26.02.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
33 | Кызыл-Кыштак айылдык (№ 4 Курманжан-Датка шайлоо округу) | Рахимов Изатилло Анварович | Кара-Суу АШК, № 2, 27.02.2024-ж. (Кызыл-Кыштак а/к 16.02.2024-ж. № 28-4 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу (8 жолу) |
Араван району | |||
34 | С.Юсупов айылдык (№ 1 Октябрь шайлоо округу) | Курбанов Жанболот Иминович | Араван АШК, № 3, 29.02.2024-ж. (15.02.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-мартындагы № 17 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
1 | Сын-Таш айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Байдылдаев Жанболот Азимкулович | Ысык-Ата АШК, № 5, 15.02.2024-ж. (12.02.2024-ж. өз арызы) |
Сокулук району | |||
2 | Военно-Антоновка айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Анарбеков Арзымат Анарбекович | Сокулук АШК, № 2, 28.02.2024-ж. (16.02.2024-ж. өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
3 | Самаркандек айылдык (№ 4 Жаңы-Бак шайлоо округу) | Нурматов Закирбек Абдималикович | Баткен АШК, № 2, 29.02.2024-ж. (25.02.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
4 | Сакалды айылдык (№ 4 Чоң-Багыш шайлоо округу) | Токтосунов Идирис Баймурзаевич | Ноокен АШК, № 2, 21.02.2024-ж. (19.02.2024-ж. өз арызы) |
5 | Абдрахманов Акылбек Эралиевич | Ноокен АШК, № 2, 21.02.2024-ж. (19.02.2024-ж. өз арызы) | |
Ош облусу | |||
Араван району | |||
6 | С.Юсупов айылдык (№ 1 Октябрь шайлоо округу) | Козиев Мамир Ашимович | Араван АШК, № 3, 29.02.2024-ж. (19.02.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-мартындагы № 17 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Жакипов Майсалбек Расулбекович (88) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Ош шаардык АШК, № 1, 19.02.2024-ж. |
2 |
| Раимов Нуржигит Канатбекович (89) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Ош шаардык АШК, № 1, 19.02.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
3 | Кара-Балта шаардык | Абдылдаева Айхан Карабаевна (11) "Күчтүү Коом-Сильное Общество" саясий партиясы | №4 орто мектеби, мугалим | Жайыл АШК, № 9, 19.02.2024-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
4 | Сын-Таш айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Жумашов Руслан Толобекович | Убактылуу иштебейт | Ысык-Ата АШК, № 5, 15.02.2024-ж. |
Сокулук району | ||||
5 | Военно-Антоновка айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Шатыев Арзымат Жузупович | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 2, 28.02.2024-ж. |
6 | Фрунзе айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Мамытов Азат | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 3, 28.02.2024-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
7 | Баткен шаардык | Үсөнов Муса Мурзапарович (16) "Ынтымак" саясий партиясы | Баткен мамлекеттик университети, проректор | Баткен шаардык АШК, № 2, 19.02.2024-ж. |
8 | Абдиев Алмазбек Кудайбердиевич (21) "Ала-Тоо Кыргыз жери" саясий партиясы | КРнын МКне караштуу Социалдык фонду, Баткен райондук башкармалыгы, башчы | Баткен шаардык АШК, № 2, 19.02.2024-ж. | |
Баткен району | ||||
9 | Самаркандек айылдык (№ 4 Жаңы-Бак шайлоо округу) | Абдиманнап уулу Нургазы | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 2, 29.02.2024-ж. |
10 | Кара-Бак айылдык (№ 5 Кызыл-Бел-2 шайлоо округу) | Темурбоев Косим Нуралиевич | Жеке ишкер | Баткен АШК, № 2, 29.02.2024-ж. |
11 | Кара-Булак айылдык (№ 4 Кара-Булак шайлоо округу) | Матырайимова Мария | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 2, 29.02.2024-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
12 | Балыкчы шаардык | Аширалиева Майрамкан Кашкиленовна (12) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер | Балыкчы АШК, № 3, 22.02.2024-ж. |
13 | Жанузаков Майрамбек Жумакадырович (8) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер | Балыкчы АШК, № 3, 22.02.2024-ж. | |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
14 | Талас шаардык | Жакшымбеков Акылбек Жакшымбекович (5) "Аманат" саясий партиясы | Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Талас облустук комитети, төрага | Талас шаардык АШК, № 6, 26.02.2024-ж. |
Талас району | ||||
15 | Осмонкулов айылдык (№ 1 Аккоргон шайлоо округу) | Айтыкулов Марслат Джаныбекович | Жеке ишкер | Талас АШК, № 2, 26.02.2024-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
16 | Ак-Талаа айылдык (№ 1 Ак-Талаа шайлоо округу) | Тилекматов Иличбек Мирбекович | "Нарын сүт" ишканасы, жумушчу | Ат-Башы АШК, № 1, 21.02.2024-ж. |
17 | Эркинбек уулу Руслан | "ДонБаТон" ЖЧК, жетекчи | Ат-Башы АШК, № 2, 01.03.2024-ж. | |
18 | Ак-Жар айылдык (№ 1 Ак-Жар шайлоо округу) | Аттокурова Сымбаткан Кадыровна | "Жарандык альянс" Коомдук уюму, тренер | Ат-Башы АШК, № 3, 01.03.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
19 | Кара-Көл шаардык | Ыманкулов Курманбек Анарбекович (17) "Замандаш" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кара-Көл АШК, № 6, 20.02.2024-ж. |
20 | Еркеев Алмаз Марсович (31) "Замандаш" саясий партиясы | Токтогул ГЭСинин куралдуу күзөтү, башчы | Кара-Көл АШК, № 8, 20.02.2024-ж. | |
Жалал-Абад шаары | ||||
21 | Жалал-Абад шаардык | Саматов Тынчтыкбек Шукурбекович (49) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | "Холдинг Таза-Булак" ЖКЧ, башкы директор | Жалал-Абад АШК, № 1, 22.02.2024-ж. |
Ноокен району | ||||
22 | Сакалды айылдык (№ 4 Чоң-Багыш шайлоо округу) | Абдурасулов Рустамжон Артыкбаевич | "Тоскол-Автотранс" ЖЧК, директор | Ноокен АШК, № 2, 21.02.2024-ж |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
23 | Кызыл-Кыштак айылдык (№ 4 Курманжан-Датка шайлоо округу) | Рахманов Дилмурад Дилдорович | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 2, 27.02.2024-ж. |
Араван району | ||||
24 | С.Юсупов айылдык (№ 1 Октябрь шайлоо округу) | Амиров Азизбек Равшанбекович | С.Юсупов айыл өкмөтү, чарбалык иштер боюнча ишчи | Араван АШК, № 3, 29.02.2024-ж. |