Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы

 

2024– жылдын 27-январы № 3

 

Шарк Айыл аймагынын оорулууларына, майыптарына, ошондой эле аз камсыз болгон тургундарына дары-дармек каражаттарын сатып алууга берилүүчү 1000 сом өлчөмүндөгү жардамды бекитүү жөнүнд

Шарк айыл аймагынын социалдык секторунун сунуштарын эске алуу менен, ошондой эле сессиянын отурумунда айылдык кеңештин депутаттарынын талкуулоосунун натыйжаларын жана сунуштарын эске алуу менен айыл аймагынын оорулууларына, майыптарына, ошондой эле аз камсыз болгон тургундарына дары-дармек каражаттарын сатып алууга материалдык жардам көрсөтүү максатында, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXVI сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Шарк Айыл аймагынын оорулууларына, майыптарына, ошондой эле аз камсыз болгон тургундарына дары-дармек каражаттарын сатып алууга берилүүчү жардам) өлчөмүн 2024- жылдын 1- мартындан тартып 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө аныкталсын;

2. Шарк айыл аймагынын соц. коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Ы.Мамасалиева аталган токтомду аткарууга кабыл алсын;

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.

 

 

Шарк айылдык Кеңешинин төрагасы

 

С.Абзалов