Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу №XXIX/2-13
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Социалдык масалелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Масаитованын маалыматын угуп чыгып жана Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Н.Чыбыеванын операциядан кийинки реабилитацияга материалдык жардам берүү жөнундө арызы менен таанышып, Кызыл-Октябрь айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыбыева Назгул Сабырбековнага ден соолугуна байланыштуу операциядан кийинки реабилитацияга материалдык жардам берүү боюнча жазган арызынын негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Ж.Мадиевага бөлүнгөн акча каражатын Н. Чыбыеванын банктагы атайын эсебине которуп берүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл окмот башчысы Н.Ж.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Кеңешинин төрагасы | Б.Мырзадаиров |