Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-августу № 6/2
Кечки-сырттан окуу мектебинин аталышы жөнүндө
Кечки-сырттан окуу мектебинин директорунун өтүнүч катынын,2024-жылдын 12-августундагы №6 сессиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарында болгон 2024-жылдын 20-июнундагы протоколдун тиешелүү пунктарында белгиленген аты жок мектептерге өлкөгө жана эл алдында эмгеги сиңген инсандардын ысымдарын ыйгаруу сунуштарын эске алып талкуулап
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын Первомай айылындагы Кечки -сырттан окуу мектебине коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылсын.
2.Токтом каттоого алынып жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Э.Б.Ибраимовго жана Кечки-сырттан окуу мектебинин директору К.Суюмбаевага жүктөлсүн.
Төрага | И.М.Раимкулов |