Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 79
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жайыт жер аянттарын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдуматовдун 2024-жылдын 17-январындагы № 1 сандуу сунуш катынын, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-августундагы отурумунун корутундусуна ылайык Бужум айылынын тургуну С.Улукбековдун 2024-жылдын 8-январындагы кайрылуу катынын негизинде Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылындагы Калинин участогунда жайгашкан (мурдакы “Москва” колхозунун 1987-жылдагы № 4864а шифир № 8479-контурунда жайгашкан жалпы аянты 5,0 га жер анын ичинен № 1705-контурундагы 0,70 га жер, № 1706-контурундагы 0,20 га жер, № 1707-контурундагы 0,60 га жер, № 1708-контурундагы 2,0 га жер жана № 1709-контурундагы 1,50 га таштуу жайыт жер аянттарын ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде 5,0 га таштуу жайыт жер аянтын ижарага берүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдуматовго тапшырылсын.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |