Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 81
2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы
иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты
социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2,6-пунктчаларынын жана Кара-Булак айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага | К.Шакиров |
Кара-Булак айылдык кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги
XXXX сессиясынын 23.08.2024-
жылдагы № 81 токтомуна тиркеме
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарган
иштери боюнча жыйынтык
Отчету
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча аткарылган иш- чаралардын 6 айлык жыйынтыгы .
Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум, Кара-Булак айылдарында жалпы 1- топ 42, 2-топ 257 жаран, 3-топ 127 жаранжана 18-жашка чейинки 105 бала бар. Айыл өкмөтүнүн соц кызматкерлери ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын санын тактап ар дайым алардын турмуш шартынан кабар алынып турулат. Кара-Булак айылдык Кеңеши да ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакшы көңүл буруп бюджетти бекитүүдө акча. Ушундай эле жардамдар арыз менен кайрылган ар түрдүү категориядагы 6 (алты)жаранга73000(жетимишүчмиң)сом. материалдыкжардамберилип,алэмитурмушшарты оор жана жалгыз бой, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген10 (он) үй-бүлөдөн соц адис, соц кызматкерлер тарабынан кабар алынып айыл өкмөтүнүн бюджетинен айылдык кенештин чечими менен ар ай сайын ар бир жаранга 500 (беш жүз) сомдон алты ай ичинде 30000(оттуз миң) сом материалдык жардам берилип келет. Жалпылап айтканда 6 (алты) ай ичинде 16 (он алты) жаранга 108000 (бир жүз сегиз миң) сом материалдык жардамдар берилди. 2024-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 463000 (төрт жүз алтымыш үч миң) сом каржылоо ар түрдүү майрамдык иш-чараларга жана материалдык жардам сурап кайрылган турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жумшалды. Атап айтканда Ооган согушунун 6 катышуучусуна 20000 (жыйырма миң) сом акча бөлүнүп берилип, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 40000(кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп, 80-90 жаштан ашкан энелерге шириндик пакеттер таркатылган. Ошондой эле жаш кыз-келиндер ортосунда 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп, Кара-Булак, Бужум айылдарынын кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жалпы 5(беш) команда катышып,1 орунга 7000 (жети мин)сом, 2 орунга 5000 (беш миң) сом, 3 орунга 3000(үч миң)сом, 4орунга 1000 (миң)сом, 5 орунга 1000(миң) сом жана 2 (эки) мыкты оюнчуга акчалай сыйлыктар, дипломдор жана майрамдары менен куттуктап сый тамак берилди. Нооруз майрамына 30000 (отуз миң) сом акча каражаты каралып кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөсүнө катышты. Баткен районунун Төрт-Гүл суусактагычынын жээгинде маданий иш-чара өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн аймагынан 16 шайыр апалар катышып келишти. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында спорттун шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты. Райондун аймагнда улуттук тамак-аштын көргөзмөсүнө Кара-Булак айыл өкмөтү да катышты. Чернобыль апаатынын катышуучусуна 10000 (он миң) сом акча каражаты берилди .
9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 79 жылдыгына карата айыл өкмөт- үнүн аймагындагы мекеме ишканаларда майрамдык иш чара өткөрүлдү, айыл өкмөтүнүн эсебинен 5(беш) тылдын катышуучуларын ар биринин өз эсептерине 3000 (үч миң) сомдон 15(он беш) миң сом акча каражаты жумшалды. Улуу жеңиштин урматына 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты каралып, 2021-2022-жылдарда Кыргыз Тажик
чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жарандарыбыздын жаркын элесине арналган эркектер арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү. 20-май Улгайган энелер күнүнө 40000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп, 50 (элүү) 70-80 жаштагы турмуш шарты оор, жалгыз бой жана баатыр энелерге майрамдык маанай жана сый тамактар уюштурулуп, белектер берилди.
1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 (элүүмиң) сом акча каражаты каралып, 7(жети) ата-энесинен ажыраган (тоголок) балдарга ар биринин өздүк эсептерине 4000(төртмиң) сомдон которулуп, Бужум айылындагы “Ак-Жолтой”, ”Дилгир”, ”Нур-Периште”,”Ынтымак” бала-бакчалардын ар бирине 4000 (төртмиң) сомдук, Кара-Булак айылындагы “Жаш балапан” балдарбакчасына 6 (алтымиң) сомдук оюнчуктар берилди. 2024-жылдын 6 ай ичинде жакыр үй-бүлөлөрдүн саны социалдык паспорттун жыйынтыгы менен изилденген үй-бүлөлө71 (жети жүз он бир) түздү. Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын, ата-энесинен эрте ажыраган балдардын турмуш шартынан, окууларынан, жүрүм-турумунан мектептин соц педагогтору, ИДН кызматкери жана айыл өкмөттүн соц адиси менен биргеликте каба ралынып,зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.2024-жылдын 16-июнь курман айт майрамына карата 90000 (токсонмиң) сомгокара мал алынып айылдык Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен100өтөжакыр үй-бүлөлөргө жана 80-90 жаштагы карыяларга эт таратылыпберилди.Жалпысынан айыл өкмөт боюнча 2024-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 463000 (төрт жуз алтымыш үч миң) сом 305 адамга ар кандай (акчалай, тамак –аш түрүндө),берилди.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоор жазылып айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор , аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпысынан 38 (оттуз сегиз) үй- бүлөнүн ар бирине 300к г(үч жүз) ун,30(оттуз) литр май берилди.Улгайган жарандар, ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар маселелери менен иш алып баруу социалдык кызматкерлердин негизги милдети болуп саналат.
Аткаруучу : Соц адис: Ботобекова Г
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн салык жыйымдары боюнча 2024- жылдын 1- июлга чейинки маалыматы.
Салык төлөөдө электрондук төлөө (терминал,телефон) аркылуу салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу жана оңой болуп калды. Жаны мийзамдар киргендиктен, жергиликтуу жарандар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнөздөрунүн атына каттатып салык төлөп жатышат. Буга чейин транспорт жана турак жай салыктарын башка бирөөнүн атыда катталган болсо дагы, колдонуп жаткан жарандар өздөрүнүн атынан салык төлөп келишкен.Учурда мүлк салыгы боюнча жергиликтуу жарандарга кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн ар бир жаран өзүнун атына өткөрүп, жана катталган мүлктөрүн райондук салык кызматына кайрылган жарандар аз болууда. Жарандарга Салык кабинет ачтырып, салык төлөөсү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ошондуктан салык төлөө планыбыз үзгүлтүккө учурап калды. Мусор боюнча айта кетсек, Биздин айыл өкмөттө“Тазалык”ишканасы толук кандуу иштеп тургандыктан, таштанды салык планы
толбой артта калууда.
| Салыктын туру | 6 айлык план | факты | Айырмасы | % |
1 | Транспорт салыгы | 733 400 | 429 000 | 304400 | 58.5% |
2 | Огород жер с. | 351 300 | 247 300 | 104000 | 70,3% |
3 | В.М | 19400 | 8 600 | 10800 | 44,3% |
| Бардыгы: | 1 104100 | 684 900 | 419200 | 62% |
| Салыктын туру | 6 айлык план | факты | Айырмасы | % |
1 | Транспорт салыгы | 733 400 | 429 000 | 304400 | 58.5% |
2 | Огород жер с. | 351 300 | 247 300 | 104000 | 70,3% |
3 | В.М | 19400 | 8 600 | 10800 | 44,3% |
| Бардыгы: | 1 104100 | 684 900 | 419200 | 62% |
Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктеги жерлер боюнча аткарылган жумуштар
Кара-Булак өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган жерлердин жана мүлктөрдүн санын, ресстирин тактоо боюнча, Баткен райондук Кадастр ишканасы менен биргеликте жумуштар жүргүзүлүп муниципалдык менчикте канча имарат жер бар экендиги такталды. Кара-Булак айылынын элин таза суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк Банктын «Таза суу» долбоору ишке ашып жаткандыктан Таза суунун башкы суу топтоочу жана суу алуучу жерлерин трансформациялоо боюнча жумуштар жүргүзүлүп бүтүү алдында турат. Кара-Булак айылындагы З. Абдукаримов орто мектебинин жер аянтын тактоо иштери жүрүп жатат. Аталган жер аянты учурунда «Өспүрүм үмүтү» жамаатына берилип кеткендиктен ал жерди муниципалдык менчике алуу зарылчылыгы болуп жатат ал боюнча «Өспүрүм үмүтү» коомдук фонду соттун чечими менен жокко чыгып кайра айыл өкмөттүн балансасына алуу жумуштары аяктап калды. «Ак Жолтой» балдар бакчасына долбоор менен кошумча имарат курулуп жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик актысын оӊдоо үчүн Айылдык Кеӊешке кат берилди. Ал эми Бужум айылындагы футболдук аянтчанын жалпы аянтын аныктоо үчүн Баткен райондук шаар куруу архитектура башкармалыгына, Баткен Кадастр ишканасына каттар берилип жакынкы күндөрү комиссия менен аныкталат жана мамлекеттик акт алабыз. Бужум айылынын Андрей участкасында курулуп жаткан социалдык коплекстердин тишелүү архитектуралык документтери бүткөрүлдү жана проектилери экспертизага жөнөтүлдү. Ушундай эле социалдык комплекс Туура-Таш участкасында жүрүп жатат жана алардын керектүү документтерин бүтүрүү үчүн Баткен шаар куруу архитектура башкармалыгына каттар берилген. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имараттарды көзөмөлдөп туруу муниципалдык менчик боюнча адистин иши болуп саналат.
Жер маселелери боюнча аткарылган жумуштар
Жер боюнча келип түшкөн арыздар толугу менен аткарууга алынган.
Жер мунапыс
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022 – жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тарабы жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу №291 токтомун аткаруу боюнча курулуп калган үйлөргө документ жасоо жумуштары жүрүүдө . Курулган имараттар райондук комиссия тарабынан жеринде барып көрүлүп комиссияга сунушталууда.
Жаңы келип түшкөн арыздар -448 арыз катталган. 228 жаранга комиссиянын кортундусунун негизинде токтом чыккан. Артка кайтарылган делолор -30. Азыркы учурда дагы элдерден арыздар келип түшүүдө. Түшкөн арыздар өз убагында такталып 24 жарандын арызы такталып райондук комиссияга сунушталууда.
Турак жай
Трасформация маселеси боюнча Кара-Булак айылынын 60 га жер аянты бүгүнкү күндө КР өкмөтүнүн токтому чыгып даяр. Кара-Булак айылынан түзүлгөн элдик комиссиясынын отуруму болуп кандай тартипте жер берилеери жөнүндө мсаалымат берилди.
Бужум айылынын 120 га жер аянты боюнча ГАЗК тан доокументтери туура эжмес болгондуга байланыштуу кайра даярдоо үчүн трасформация иштери токтоп турат.
Ижара боюнча
Ижара жерлер бонюча 4-5 март 2024-ж күндөрү аукциондун негизинде Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында 75,90 га жер аянты 24 -жаранга ижарага берилген жалпы төлөнүүчү сумма 371865-сом бүгүнкү күндө 144050 сом төлөнгөн , калган 227815 сом күз айларына карата толугу менен толонуп бутот.
Мыйзамсыз жерлер
Мыйзамсыз ээлеп алган жерлер боюнча бүгүнкү күндө эскертүүлөр берилип тактоо ишттери жүрүүдө
Кара- Булак айыл өкмөтүндө 2024- жылдын 6 айында тартылган
ички жана сырткы инвестициялардын тартылышы боюнча
маалымат.
Кара-Булак айыл өкмөтүндө капиталдык курулуш боюнча Бужум айылынын Ынтымак участкасында 25 орундуу балдар бакчасынын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 2млн, Баткен облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 4млн , 2млн акча каражат Койка тарабынан каржыланып ОСО СКА строй конфорт курулуш компаниясы тарабынан курулуш иштери жүрүп жатат. Бужум айылында Эл аралык уюмдар тарабынан комплекстүү курулуш иштери мектеп, ФАП жана тигүү цехи 2023-жылы башталган бүгүнкү күндө ФАП тын курулушуна 1,5млн жумшалып имарат бүтүп ички жасалгалоо иштери калган , ал эми 2 этаждуу мектепке 20млн акча каражат жумшалып мектеп бүтүп чатыры жабылган.Туура-Таш участкасында комплекстүү курулуш долбоорунун негизинде бүгүнкү күндө тигүү цехинин 5млн сом акча каражат жумшалып курулуш иштери жүрүп жатат. Бужум айылында Т. Мурзапаров орто мектебин республикалык бюджеттен 54млн акча каражат жумшалып капиталдык ремонт аткарылып пайдаланууга берилди. Бужум айылындагы Ак-Жолтой балдар бакчасына ажаткана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 390 миң акча каражат жумшалды. Жеке жактардын каржылоосу менен Бужум айылында 400 миң сом акча каражат жумшалып 2 аялдама курулду. Жалпы 89млн290 миң сом акча каражат жумшалды.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына тартылган инвестициялар
№ | Иш-чаранын аталышы | Каржы булагы (каржы булагы ар кандай болушу мүмкүн) | Каражаттын суммасы | Жыйынтык |
Кара-Булак | ||||
2024-жыл | ||||
Бужум а.Аялдама куруу | Жеке жак | 0,4 | Аялдама куруу | |
Бужум а.Т.Мурзапаров мект.кап.ремонт | Республ.бюджет | 54,0 | Капиталдык ремонт болду | |
Бужум а.ФАП | Эл аралык уюм | 1,5 | Курулуштун ички иштери калган | |
Бужум а.уч.Калинин.Мектеп 2 этаж | Эл аралык уюм | 20,0 | 2-этаждын дубалы турган | |
Бужум а.уч.Туура-Таш тигүү цехи | Эл аралык уюм | 5,0 | Курулуш жүрүп жатат | |
Бужум а. Уч Ынтымак 25 орундуу бала бакча | Коика,ЖБ,Баткен обл өнүктүрүү фонду | 8,0 | Бала бакчанын фундаменти бүттү,дубалы курулуп жатат | |
Бужум а.Ак-Жолтой б/бакч.ажаткана куруу | А/ө ЖБ | 0,390 | Курулуш жүрүп жатат | |
| Жыйынтыгы |
| 89,29 |
|
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айлык бюджнтинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча билдирүүсү
Кара-Булак айыл өкмөтүнө 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына жеткирилген план тапшырма 7989,1 мин сом болсо, иш жүзүндө аткарылганы 17057,8 мин сомду түзүп план 88,34%га, же болбосо 931,3 мин сомго аткарылбай калган.
Жыйналган кирешелерге кенири токтолуп кетсек, киреше салыгы 5196,4 мин сом жыйналып план 87,8% га же болбосо 719,4,3 мин сомго кем жыйналган, жалпысынан алганда салык жана жыйымдардын 4 түрүнөн жеткирилген план аткарылып, ал эми калган салыктар жана жыйымдар боюнча жеткирилген план тапшырмалар аткарылбай калган.
Бюджетинин аткарылышы боюнча 11843,1 мин сомду түзүп, жалпы аткарылган бюджеттин 3322,8 мин сому тендоочу гранттын жана 8520,3 мин сому өздүк кирешелердин эсебинен аткарылган.
Республикалык бюджеттен түшүүчү трансферттер негизинен 3322,8 мин сому эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү каржылоого жумшалган.
Ал эми жергиликтүү кирешелерден 2788,5 мин сому эмгек акы төлөөгө, 130,6 мин сому сапардык чыгымдарга, 30,0 мин сому интернет жана байланыш кызматына, 120,0 мин сому күйүүчү майга жана запастык бөлүктөргө, 2937,8 мин сому ар кандай чыгымдарга, 125,2 мин сому ар кандай сатып алууларга, 312.2 мин сом социалдык жардам көрсөтүүлөргө, 263.6 мин сом резервдик фондко, 855.0 мин сому курулмалар жана капиталдык оңдоолорго жана 946,5 мин сому негизги каражаттарды сатып алууларга жумшалган.
Сатып алуулар порталы боюнча токтолуп кетсек 2024-жылда котировкаларды суроо тартиби боюнча 16 тендер жарыяланып жыйынтыгы менен иштер аткарылып жатат.
Өкмөт башчы А.Мисиралиев