Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-марты № 19
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай, Кемин, Алай, Базар-Коргон жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 02.03.2024-ж. № 1, № 2, № 3, № 4; 05.03.2024-ж. № 5, № 6 - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаардык, Бирлик жана Майдан айылдык кеңештери боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 05.03.2024-ж. № 5, № 6, № 7, № 8 - Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаардык жана Чоң-Кемин айылдык кеңештери боюнча;
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 05.03.2024-ж. № 1 - Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылдык кеңеши боюнча;
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 06.03.2024-ж. № 1 - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 04.03.2024-ж. № 9, № 10 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай, Кемин, Алай, Базар-Коргон жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадамжай, Кемин, Алай, Базар-Коргон жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Кадамжай, Кемин, Алай, Базар-Коргон жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 9-мартындагы № 19 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
1 | Кадамжай шаардык | Боджоев Эркинбай Абдукайымович (1) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Кадамжай АШК, № 1, 02.03.2024-ж. (28.02.2024-ж. өз арызы) |
2 | Бирлик айылдык (№ 2 Жал шайлоо округу) | Эркебаев Алманбек Боронбаевич | Кадамжай АШК, № 3, 02.03.2024-ж. (29.02.2024-ж. өз арызы) |
3 | Майдан айылдык (№ 1 Кара-Жыгач шайлоо округу) | Муратова Латифа | Кадамжай АШК, № 5, 05.03.2024-ж. (Кадамжай райондук ЖААК тарабынан берилген, каза болгондугу тууралуу 2024-жылдын 26-февралындагы № KGZ07 0261021 күбөлүгү) |
Чүй облусу | |||
Кемин району | |||
4 | Кемин шаардык | Бейшенов Замирбек Анарбекович (4) "Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Кемин АШК, № 5, 05.03.2024-ж. (25.02.2024-ж. өз арызы) |
5 | Чоң-Кемин айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Бекназар уулу Талгат | Кемин АШК, № 7, 05.03.2024-ж. (22.02.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Алай району | |||
6 | Сары-Могол айылдык (№ 1 Сары-Могол шайлоо округу) | Пиримкул кызы Бүүжан | Алай АШК, № 1, 05.03.2024-ж. (01.03.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Базар-Коргон району | |||
7 | Могол айылдык (№ 1 Чарбак шайлоо округу) | Мамадалиева Хийитихан Махаматкуловна | Базар-Коргон АШК, № 1, 06.03.2024-ж. (04.03.2024-ж. өз арызы) |
Кара-Көл шаары | |||
8 | Кара-Көл шаардык | Эстебес уулу Тилек (8) "Энергетик" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 9, 04.03.2024-ж. (02.03.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 9-мартындагы № 19 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Кадамжай шаардык | Пазылов Руслан Абидинович (6) "Ынтымак" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кадамжай АШК, № 2, 02.03.2024-ж. |
2 | Бирлик айылдык (№ 2 Жал шайлоо округу | Адахам уулу Акжол | Убактылуу иштебейт | Кадамжай АШК, № 4, 02.03.2024-ж. |
3 | Майдан айылдык (№ 1 Кара-Жыгач шайлоо округу) | Тагаев Мирзаакмат Абдиразакович | Үч-Коргон жалпы дарыгердик практика борбору, медага | Кадамжай АШК, № 6, 05.03.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
4 | Кемин шаардык | Мажитов Деңиз Абдымомунович (5) "Кыргызстан" саясий партиясы | "Куранды" ЖЧК, менеджер | Кемин АШК, № 6, 05.03.2024-ж. |
5 | Чоң-Кемин айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Качкынов Жанек Жумабекович | "Парнер Нефть" МКС, жетекчинин орун басары | Кемин АШК, № 8, 05.03.2024-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
6 | Сары-Могол айылдык (№ 1 Сары-Могол шайлоо округу) | Мыйматова Турдукан Байжановна | Сары-Могол айылдык китепканасы, китепканачы | Алай АШК, № 1, 05.03.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
7 | Могол айылдык (№ 1 Чарбак шайлоо округу) | Токоева Зулкумар Сулеймановна | Ооган-Талаа жалпы дарыгердик практика борбору, медайым | Базар-Коргон АШК, № 1, 06.03.2024-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
8 | Кара-Көл шаардык | Джуробаев Жеңиш Сатаралиевич (22) "Энергетик" саясий партиясы | Балдар өспүрүмдөр спорт мектеби, машыктыруучу | Кара-Көл АШК, № 10, 04.03.2024-ж. |