Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2024-жылдын 13-августу № 42
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик-
аймактык реформа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2024-жылдын 29-июлундагы №152 Мыйзамынын 6-13-14-15-беренелеринде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, угуп карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрында Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө №26 токтому кабыл алынган. Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы №26 токтомунун биринчи жана экинчи пунктунда көрсөтүлгөн чечимин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
(1.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү менен административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык жайгашкан аймакты эске алуу менен бириктирилген айыл аймактардын административдик борбору Ак-Татыр айыл аймагы болуп макулдук берилсин.
2.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүүдө айыл аймактын административдик аталышы “Орто-Боз” деп аталсын, Баткен райондук мамлекеттик администрацияна сунушталсын).
2. Ушул токтомдун аткарылышы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: |
Ысакова С.Б. |