Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2024-жылдын 13-августу № 43
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын Башкы
планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун №5 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылына жаңыдан чийилип бүткөн Башкы планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: |
Ысакова С.Б. |