Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2024-жылдын 13-августу № 44
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын көчөлөрүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобосунун төртүнчү пунктун негиз кылып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын башчысы Үсөнов Абдикаридин билдирүүсү, 2024-жылдын 16-майында Рават айылынын жаштык көчөсүнүн жашоочуларынын чогулушунда Жаштык көчөсүн Жумабаев Жапар атына алмаштыруу боюнча чогулуштун чечимин, угуп талкуулап карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Жаштык көчөсү, Жумабаев Жапар көчөсү болуп өзгөрүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: |
Ысакова С.Б. |