Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 27-августу № 510

 

Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын жана аскерге милдеттүүлөрүн мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 "Соттук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 "Аскер кызматын өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

 

 

А.У. Жапаров