Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 76
Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу
"№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 109 Жарлыгы менен № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилген.
Шайлоону уюштуруу үчүн 61 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 97331 шайлоочу киргизилген.
№ 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 14 талапкер шайлоого катышты.
№ 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунда добуш берүүгө 21807 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин ичинен 22,40% түздү.
Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:
1. Турсунакунов Сулайман Сагынбекович - 174 добуш (0,80%);
2. Искаков Эртай Дуйшобекович - 1696 добуш (7,78%);
3. Момбеков Бактыбек Карыпович - 1192 добуш (5,47%);
4. Мазымканов Атабек Дюшенович - 177 добуш (0,81%);
5. Сартманов Мухтар Аликович - 2055 добуш (9,42%);
6. Есенгулов Руслан Урустанбекович - 2692 добуш (12,34%);
7. Тукунов Аманат Шакирбекович - 881 добуш (4,04%);
8. Усенгазиев Темирболот Усенгазиевич - 2659 добуш (12,19%;
9. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - 2803 добуш (12,85%);
10. Тентимишев Султан Таалайбекович - 1153 добуш (5,29%);
11. Мукамбетов Джакшылык Мамбетказиевич - 486 добуш (2,23%);
12. Асипов Самат Баялиевич - 998 добуш (4,58%);
13. Кадыров Кубанычбек Бекбосунович - 806 добуш (3,70%);
14. Тыналиев Айжигит Казакбаевич - 3498 добуш (16,04%);
15. "Баарына каршы" позициясына 386 шайлоочу добуш берген (1,77%).
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, "Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат".
№ 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 9 арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко - 5, ЫЧКТга - 2, ОШКга-2) түштү.
Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.
Ысык-Көл райондук ИИБ-нын, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын, Балыкчы шаардык прокуратурасынын өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.
Укук коргоо органдары тарабынан берилген маалыматтарына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасына таасир эткен жана/же ага талапкерлердин катыштыгы боюнча, бузуулардын каралбай калган материалдар жок.
Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча даттануулар жана бузуулар Реестринде жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-dep-zhk-kr-30-iyunya-2024/) - көчүрмөсү тиркелет.
№ 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколунун негизинде, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө сигналдар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ички иштер органдарынын жана прокуратурасынын маалыматын эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Тыналиев Айжигит Казакбаевич № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |