Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июлу № 84
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Нарын шаардык, Аксы, Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 09.07.2024-ж. № 7, 12.07.2024-ж. № 8 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 05.07.2024-ж. № 14, 11.07.2024 г. № 16 - Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 03.07.2024-ж. № 12, 17.07.2024-ж. № 13 - Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 11.07.2024 г. № 11 - Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 08.07.2024-ж. № 5 - Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Ананьев айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө:
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 17.07.2024-ж. № 13 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 09.07.2024-ж. № 7, 12.07.2024-ж. № 8 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шардык аймактык шайлоо комиссиясынын 09.07.2024-ж. № 15, 15.07.2024 г. № 17 - Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 03.07.2024-ж. № 12, 17.07.2024-ж. № 13 - Кербен шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 11.07.2024-ж. № 12 - Каракол шаардык кеңеши боюнча;
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 08.07.2024-ж. № 6 - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьев айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Нарын шаардык, Аксы, Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бишкек, Нарын шаардык, Аксы, Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Бишкек, Нарын шаардык, Аксы, Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-июлундагы № 84 токтомуна 1-тиркеме |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек шаардык | Калыков Мийзамидин Абдырахманович (4) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 7, 09.07.2024-ж. (05.07.2024-ж. өз арызы) |
Алымбеков Максат Джумакадырович (1) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 8, 12.07.2024-ж. (12.07.2024-ж. өз арызы) | ||
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
2 | Нарын шаардык | Асанова Динара Иманакуновна (11) "Ордо" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 14, 05.07.2024-ж. (04.07.2024-ж. өз арызы) |
Турдубаев Нурбек Шаршеналиевич (12) "Ордо" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 16, 11.07.2024-ж. (09.07.2024-ж. өз арызы) | ||
Жалал-Абад облусу | |||
Аксы району | |||
3 | Кербен шаардык | Борукулов Элгиз Разилбекович (16) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Аксы АШК, № 12, 03.07.2024-ж. (30.06.2024-ж. өз арызы) |
Кутманов Маматкерим Мамасыдыкович (2) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Аксы АШК, № 13, 17.07.2024-ж. (11.07.2024-ж. өз арызы) | ||
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
4 | Каракол шаардык | Борончиев Айбек Дуйшалыевич (2) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 11, 11.07.2024-ж. (09.07.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл району | |||
5 | Ананьев айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Мамагулов Саламат Кубанычбекович | Ысык-Көл АШК, № 5, 08.07.2024-ж. (05.07.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-июлундагы № 84 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Аксы району | |||
1 | Кербен шаардык | Жуманазаров Нурбек Жаныбекович (22) | Аксы АШК № 13, 17.07.2024-ж. (11.07.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-июлундагы № 84 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Мамытов Султан Кубанычбекович (14) "Ынтымак" саясий партиясы | "Ванилла" ЖЧКсы, директор | Бишкек АШК, № 7, 09.07.2024-ж. |
Атаканов Малик Асизбекович (10) "Ынтымак" саясий партиясы | "Вишня" ЖЧКсы, директор | Бишкек АШК, № 8, 12.07.2024-ж. | ||
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
2 | Нарын шаардык | Оморова Назгуль Асановна (20) "Ордо" саясий партиясы | жеке ишкер | Нарын шаардык АШК, № 15, 09.07.2024-ж. |
Мамбеткул уулу Азамат (13) "Ордо" саясий партиясы | жеке ишкер | Нарын шаардык АШК, № 17, 15.07.2024-ж. | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
3 | Кербен шаардык | Байназаров Ислам Абдурахманович (20) "Ынтымак" саясий партиясы | Кербен шаарындагы № 36 орто мектепте мугалим | Аксы АШК, № 12, 03.07.2024-ж. |
Артыгалы уулу Эдилбек (23) "Ынтымак" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Аксы АШК, № 13, 17.07.2024-ж. | ||
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
4 | Каракол шаардык | Омургалиев Жеңишбек Качкынбаевич (19) "Эмгек" саясий партиясы | "Каракол" сууканалынын жетекчиси | Каракол АШК, № 12, 11.07.2024-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
5 | Ананьев айылдык | Соодокеев Арстанбек Эленович (12) | убактылуу иштебейт | Ысык-Көл АШК, № 6, 08.07.2024 |